Өзүңөр эле келгиле! УКМК жасалма диплом алган мамкызматкерлерге эскертүү берди

25 января 2022 Өзүңөр эле келгиле! УКМК жасалма диплом алган мамкызматкерлерге эскертүү берди

УКМК жасалма диплом алып, анысын колдонуп жүргөн адамдарды ыктыярдуу түрдө улуттук коопсуздук кызматына кайрылууга чакырды.

Атайын кызмат билдиргендей, жасалма диплом алганын ачык айтып, өз ыктыяры менен келгендер кылмыш жоопкерчилигинен бошотулат. Ошондой эле УКМК анонимдүүлүккө кепилдик берерин убадалаган.

"Садыр Жапаровдун тапшырмасынын жана мыйзамдардын негизинде бардык деңгээлдеги мамлекеттик кызматкерлердин билими тууралуу жасалма диплому болушу жана колдонулушу боюнча масштабдуу текшерүү иштери башталды", — деп айтылат маалыматта.

УКМК жогорку билими тууралуу документтерди мыйзамсыз даярдоо, жасалмалоо жана пайдалануу кылмыш жоопкерчилигине алып келерин эскертти.

Эске салсак, 20-январда БШК Жогорку Кеңештин депутаты Орозайым Нарматованы депутаттык мандатынан ажыраткан. Шайлоо органынын версиясы боюнча, Нарматова Жалал-Абад университетинин дипломун мыйзамсыз алган.

sputnik