ДССУ: "омикрон" жайылып кетти, эми башка штаммдар чыгышы мүмкүн

19 января 2022 ДССУ: "омикрон" жайылып кетти, эми башка штаммдар чыгышы мүмкүн

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун башкы директору (ДССУ) Тедрос Адханом Гебрейесус коронавирустун "омикрон" штаммынын жайылып кетишинен улам COVID-19дун жаңы варианттары пайда болушу мүмкүн экенин айтты. Бул тууралуу РИА Новости жазды.

"Бул пандемия жакында бүтчүдөй эмес. "Омикрон" дүйнөгө жайылып кетти, эми башка дагы штаммдар чыгышы мүмкүн. Андыктан абдан көңүл буруп, жаңы штаммдарды байкап турушубуз керек. "Омикрондун" жеңил формада өтүп жатканын көргөндөр аны олуттуу кабыл албай жатат. Бирок мындан дагы ооруканага түшүп, өлүп калгандар жок эмес", — деди башкы директор.

"Омикрон" штаммы эки ай мурда Ботсвана менен Түштүк Африка Республикасынан табылган. Окумуштуулардын айтымында, анын S-белогунда ондогон мутация бар. Адистердин божомолу боюнча, штамм иммунитети начар адамдын организминде (ВИЧ менен ооруган) өнүккөн.

Дарыгерлер "омикрон" штаммын жуктургандар көбүнчө сасык тумоого кабылгандай ооруй турганын айтып, тамак жуткурбай, баш ооруп, мурун бүтөрүн белгилешкен.

Учурда бул вирус дүйнөнүн 100дөн ашык мамлекетине жайылып кетти. Кыргызстанда аны 12-январь күнү аныкташкан.

Роспотребнадзор мекемесинин башчысы Анна Попова жаңы штаммдын жугуштуулугу мурдагыларга салыштырмалуу 3-7 эсеге жогору экенин айтып чыккан.

sputnik