Кар жаабаган кыш, суу эмне болот? Энергетика министри тынчсыздануусун билдирди

19 января 2022 Кар жаабаган кыш, суу эмне болот? Энергетика министри тынчсыздануусун билдирди

Энергетика министри Доскул Бекмурзаев кар жаабай жаткандыктан Токтогул суу сактагычында суу тартыштыгы жаралышы мүмкүндүгүн айтып, тынчсыздануусун билдирди.

Жогорку Кеңештин отурумунда Отун-энергетика комплекси, жер казынасын пайдалануу жана өнөр жай саясаты комитетинин төрагасы Азизбек Турсунбаев быйыл суу маселеси эмне болорун сураган.

"Кыштын жарымы өттү. Кар жок. Суу маселеси эмне болот?" — деген ал.

Министр бул энергетиктерди да ойлондуруп жатканын айткан.

"Азыркыдай кете берсе быйыл былтыркы жылдан да оор болот. Ушул тапта Токтогул суу сактагычында суу өткөн жылга салыштырмалуу 3 миллиард куб метрге аз. Кыргызгидромет болжол менен март айында маалыматтарды берет. Агым аз болсо, көп нерсени ойлонуштурушубуз керек", — деген Бекмурзаев.

Анын айтымында, Талас дарыясы (Киров суу сактагычында) жана Орто-Токой суу сактагычына ГЭС куруу зарыл.

"Ал жерде суу чыгаруу тартибин өзгөртүү керек, бирок бул Казакстанга таасирин тийгизет. Ошондуктан мен Казакстан менен Өзбекстандын энергетика министрлерин бизге келип кетүүгө чакырдым. Аларды Токтогул ГЭСине алып барып суунун деңгээлин көрсөтүп, маселени ынтымакта чечсек жакшы болмок", — деди министр.

Токтогул ГЭСи — Кыргызстандагы эң ири гидроэлектр станциясы. Ал өлкөдөгү жалпы электр кубатынын 30 пайызын иштеп чыгып, энергетикалык негизги таяныч болуп эсептелет. Жылытуу маалынын машакатсыз өтүшү аталган суу сактагычтагы суунун көлөмүнө байланыштуу. 18-январга карата суунун көлөмү 9,5 миллиард куб метрди түзөт.

sputnik