Окурман журтуна, мектеп окуучуларына, дегеле Манас ааламына кызыккандарга океандай эпостун бөлүктөрүн чакан кылып жарыялап турмакчыбыз. Кийинки баян Манастын бала чагы тууралуу.
Суранып-тиленип алган бала. Баласыз өтөбүзбү деп Жакып менен Чыйырды элден уккандын баарын кылат эмеспи: мазарга барып сыйынат, токойдо жалгыздап түнөйт, Кызыр алейкисаламга жолугат, бир эле перзент болсо болду деп зар какшайт. Ошол бала көзгө көрүнүп, бешикте жатып сүйлөп жиберет, абайлап угушса жортуулга чыгарын божурап аткан болот. Беш жашында аяк шилтей албай бечел атка конот. Колу-буту тартайган, башы чоң, күч-кубаты балбан кишиникиндей бул баладан бир балакет чыгат деп ушак-айың жүрөт. Ошентип Жакып менен Чыйырдынын карыганда көргөн жалгызы – суранып алган перзенти баладан башкача чыгып калат. Ата-энесинин жашы өйдөлөп калганда көргөн "кабыланы", жалгызы, атасынын малдуу, байлыктуу болушу, тиленип алган бала болгондуктан ага катуу айтышпагандыгы үчүн бала улам чогоол, копол, тентек, адамдарга кас боло баштайт. Анын ошол тарбиясыздыгын бала көрүнсө тегерегине жыйышынан, мазарды көрсө ыйык дебей кыйышынан, думана көрсө асасын тартып алып аябай урушунан, кожону көрсө коркутушунан, доргону көрсө токмоктошунан, бир сабада кымызды колуна берсе бир жутушунан, кымыз куйган күбөгө сийип жиберишинен байкайбыз. Журтташтары Жакып менен Чыйырдыгы баласынын бейкылыктарын айтып улам-улам даттантып отурушат.
Жарманас орго салынат. Душмандын билгичтери, олуялары Манас төрөлөрдөн элүү жыл мурун эле кура деген китебин окуп отуруп, ушундай бала жарык дүйнөгө келерин, ал адамдан башка күчтүү жана эр жүрөк болорун билишет. Мындан корккон Эсенкан мурда айтканыбыздай жигиттери менен келип, боюнда бар аялдардын ичин жарып, ошол жылдарда төрөлчү балдарды тегиз өлтүрүп чыгат. Алар кийин да Манасты издеп жүрүп, Эсенкан аны адаштырып алып, Самарканд деген жерден Чоң эшендин Жарманас аттуу баласын кармап алышат. Ушул Манас дешип 17 жаштагы Жарманасты орго салат. Эми душмандан кутулдук, Манас жок болду деп тойлошот.
Жакыптын ой-чечими. Ушундайлардан кийин Жакып бир күнү Чыйырдыга айтат: "Аңдасам балаң акыл аз, жөнүн таппайт, дөөлөт мас, тил азар деймин, динге кас". Мындай терс сапаттар менен ал эл башкарар, айкөл Манас боло алмак эмес. Ошон үчүн "мал азабын балага, бир тарттырып көрөлү, жайлоодогу койчуга, алты ай малай берели" дейт, ошондо бала "эркелебесин", "катыксын", "сөз айтууга жатыксын", "сөөгү бышып катыксын", "малдын баркын билсин", "малай барып кирсин". Мындай терс сапаттарды жоюп, оң жолго түшүү гана болочоктогу эл коргоор баатырдын вазийпасы болорун түшүнөт.
Жакыптын дагы бир коркунучу. Уулунун тентектиги Жакыпты чочуткан. "Тентегиңди койбосоң, талатасың малымды", "балам, биз тентип келдик Алтайга, сенин тентегиң жетет далайга", "куу балам жетет экенсиң, капкайдагы түбүмө" деп аябай кабатыр болот. Душмандын айынан өз жеринен айдалып Алтайга тентип келип, ошол жерде эптеп жашап жатышат, эптеп жанын, малын багып жатат. Жакып ошону ойлойт, Манастын айынан Алтайдан куулса, эми кайда барып жан сактайт?! Ошону үчүн уулуна "бул тентектигиң койбосоң, козголоң салат уйкума, эртең чабуул койбойбу, өрүштөгү жылкыма, кара кылар токой жок, баана кылар ногой жок", "калмак зордук кылбайбы, бул тентектигин койбосоң, жыйып алган үбүмө, акыры жетет экенсиң, ушинтип жүрүп түбүмө". Жакыптын коркунучу баласы үчүн эч нерсеге арзыбайт, атасы тынч жашап, басып алгандар менен ырыс-ынтымакта болуу керек десе, баласы андай жашоого, эрксиз, эзилип жүрүүгө макул эмес.
Чоң жиндинин жиндилиги. "Бир күнү Манас оолугуп, койчуларды сабады, жылкычысын камады", койчуларды жыйнап алып ой кылат, койду союп той кылат, "Төрөм" деп мени айткын деп, балдардын торпогун союп таштайт", "Төрө" деп койгон балага, кементайын керсейтип, салып берет талаага". Сегиз жашар чагында жанына кырк баланы жыйып алып талаада ойноп жүрүшсө, сексен калмак бала келип, жалынса болбой кырк баланы токмоктойт, ажыратайын деген Манаска да кол салышканда өздөрүнөн айып өткөн он эки калмак баланы жыга чаап өлтүрүп, калганын кууп баратканда Жакып араң кайрып келет.
Жакып баласынын тарбиясыз калганын сезгенде. Баласынын жиндилигин кантип калтыруунун айласын билбей Ошпур деген койчуга аны берип жиберүүнү чечкенде Чыйырды эне катары аябай кыйылат, жанынан карыш жылдыргысы келбейт. Андай кылбаса жиндилиги күндөн-күнгө артып, залакасы буларга да тийгидей. Баласы жаңы туулганда аны колуна алып болукшуп, отурган эле сүйүнүп, эми ошол калкайган тоого токтобос, кара ала барчын уулу эмнелердин үстүнөн чыгып жатат? Аягы кандай болот? Ошпур Жакыптын эле койчусу болгон, бирок аны балага айтпай, бөлөк-бөтөн кишидей болсун, эркелетип тим койбой малай кылып катыктырсын дейт.
Ошпурда малайылыкта жүрүшү. Чоң жинди Ошпурга козу кайтарганы барат, аны менен Кадообай дегендин уулу Чегебай да Ошпурдун козусун кайтаруу милдетин алат. Козу багуу – ар бир кыргыз баласы билет, азаптын азабы, кээде ач, кээде ток болот, козусу баспай кыйнайт, короого кээде эрте келет, кээде кеч келет, муну үчүн Ошпурдун жемесин угат, козу багуу кандай кыйын экенин, мал табуу кандай түйшүк экенин түшүнөт. Бир жолу козуларга карышкыр тийип, бир козуну баса калып куйругун жулуп алып жеп киргенде, Чоң жинди ошол бөрүгө тап берип артынан кууп жөнөйт, бир козуну бышырып жейли дегенде беш таначар айдаган Баянчор деген калмак келип, кандай ээнбаш балдарсыңар, козуну эмнеге сойдуңар, ата-энеңерге айтам деп балдарды жемелеп жөнөй бергенде анын курундагы оттук ташын сураса бербей коёт, ошондо Чоң жинди абышканы аттан оодара тартып белиндеги оттук ташын, бычагын тартып алат, коркуп калган ал качып кутулат, дагы бир жолу эки балага төрт бала кол салмак болуп ура баштаганда Чоң жинди Айнакул дегенин өзөртө муштап, эсин оодарып, берки үчөөнү сабап салат. Бир жолу олжолуу болуп келгенде Ошпур Чоң жиндини чакырып, тартып алган олжону кайра ээсине кайтарып бер дегенде бербейт, анын баарын балдарга таратып берип салгамын деп каяша айтып кутулат. Ошпурдукунда козу кайтарып жүргөндө болочоктогу баатырдын жанда жок шоктугун да, жанда жок айкөлдүгүн да, жанда жок берешендигин да көрөбүз.