Майрам Акаева Кыргызстанга келип, дароо Таласка жол тартты

25 января 2022 Майрам Акаева Кыргызстанга келип, дароо Таласка жол тартты

Кыргызстандын биринчи президенти Аскар Акаевдин жубайы Майрам Акаева Бишкекке келди. Бул тууралуу Акаевдин үзөңгүлөшү Бекболот Талгарбеков билдирди.

Анын айтымында, Майрам Акаева жана уулу Илим кечээ түнү Таласта каза болгон энесин акыркы сапарга узатууга келди.

Мурдагы биринчи айым Бишкекке бүгүн саат 15:00дөр чамасында конуп, азыр Таласка жол тартты.

Аскар Акаев болсо келген эмес. Ал былтыр август жана декабрь айларында эки жолу Кыргызстанга келип, Кумтөр иши боюнча сурак берип кеткен. Ал эми жубайы 2005-жылкы марттагы революциядан бери келе элек болчу.

sputnik