Бишкектиктерди Беларустан алынган автобустар ташый баштайт. Транспорттун сүрөтү

20 января 2022 Бишкектиктерди Беларустан алынган автобустар ташый баштайт. Транспорттун сүрөтү

Бишкек мэриясында Беларуста өндүрүлгөн жүргүнчү ташыган жаңы автобустун презентациясы өттү. Бул тууралуу муниципалитеттин маалымат кызматы кабарлады.

Ага ылайык, МАЗ 206946 маркасындагы автобусту "Минск автоунаа заводу" ишканасынын өкүлдөрү көрсөткөн. Аталган транспорт үч ай Бишкекте сыналмакчы.

Мэрия бул автобустун шаар ичинде эл ташууга ылайыкташканын белгиледи. Коомдук транспортто майыптыгы барларга да ылайыктуу шарттар түзүлгөн. Маселен, арабада отурган адам ага кирип, чыга алат.

Эске салсак, былтыркы жылдын ноябрь айында калаа мэри Айбек Жунушалиев Минскидеги автобус өндүргөн заводго барып келген.

sputnik