Бишкекте 13 мектеп онлайн-окууга өтүп, бир бала бакча карантинге жабылды. Тизме

18 января 2022 Бишкекте 13 мектеп онлайн-окууга өтүп, бир бала бакча карантинге жабылды. Тизме

Бишкекте COVID-19 менен ооругандар аныкталгандыктан 13 мектеп аралыктан окууга өттү. Бул тууралуу шаардык мэриянын маалымат кызматы кабарлады.

Баш калаанын санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун буйругуна ылайык, №26, №88, №62, No 60, № 73, № 12, № 4, № 38, № 67, № 11, № 29, № 18, № 6 мектептер аралыктан окутууга өткөн.

Ошондой эле №135 бала бакчасы толук жана №144 бала бакчанын бир тайпасы карантинге жабылган.

Буга чейин эки окуучудан коронавирус табылгандыктан шаардагы №6 мектеп-гимназия онлайн-окутууга өткөн.

Алгоритмге ылайык, эгерде мектепте коронавирустун бир учуру аныкталса, анда класс карантинге кетет. Эгер эки же андан көп учур болсо, билим берүү мекемеси 14 күнгө жабылат.

Мэрия ата-энелерди илдет менен күрөшүүгө чакырып, ооруган балдарды мектепке жибербей турууга чакырды.

sputnik