“12 жаштагылар баш кошушту”: Элдин кызуу талкуусуна түшкөн өзгөчө түгөйлөр ким экени белгилүү болду

21 января 2022 “12 жаштагылар баш кошушту”: Элдин кызуу талкуусуна түшкөн өзгөчө түгөйлөр ким экени белгилүү болду

Интернетте казак тойлорунун биринин видеосу тараган. Эл күйөө баланын бою аялынан кыска экен деп талкууга алган. Аны окуучу бала дегендер да болгон. Жаш жубайлардын өздүгү такталды.

Бул кадрлардын каармандары кимдер экени, өзгөчө түгөйлөрдүн үй-бүлөлүк бакытынын сыры эмнеде экени белгилүү болду, деп жазат Stan.kz маалымат агенттиги.

Келиндин аты Гүлзат Ауэзбекова, 22 жашта. Актөбө облусунун Эмба шаарынын тургуну. Атыраулык 25 жаштагы күйөө бала - Галымжан Багитжанов. Азыр түгөйлөр жигиттин ата-энеси менен Казакстандын батышындагы Курайлы айылында турушат.

Жаштар 2020-жылы социалдык тармактан таанышкан. Алар телефон аркылуу сүйлөшүп, кат алышчу. Кыз көптөн бери бетме-бет жолугушууга батына албай жүргөнүн айтат.

“Балким корккондурмун, бирок аны менен көптөн бери тааныш адамдай сүйлөшкүм келди. Бир күнү аны көргөнү бардым, бирок биринчи көргөндө коркуп кеттим. 5 мүнөттөн кийин кетип калдым, бирок сезимдер пайда болду. Анан кайра сүйлөштүк .7 ай сүйлөшүп жүрүп, былтыр 4-сентябрда Галымжандын туулган күнүндө баш коштук”,-дейт келин.

Гүлзаттын айтымында, досторунун каршылыгына карабай ата-энеси аны колдоп турушкан. Ошентип, ата-энесинин батасы менен баш кошушкан.

“Мен жолдошумдан боюн сураган эмесмин. Таарынтып аламбы деп корком. Ал эми үй-бүлөсүндө баары узун бойлуу”, - дейт Гүлзат. Белгилей кетсек, Гүлзаттын бою 155 см, Галымжандын бою 140 см.

“Мен үчүн бою маанилүү эмес, махамат маанилүү. Жолдошум мен үчүн эң керемет адам”, - дейт ал.