Улуттук ишкана: Кыргызстандын бир дагы электр станциясында авария болгон жок

25 января 2022 Улуттук ишкана: Кыргызстандын бир дагы электр станциясында авария болгон жок

Кыргызстандын жылуулук жана гидроэлектр станцияларында авария болгон жок. Бул тууралуу "Улуттук электр станциялары" ишканасынын маалымат кызматы кабарлады.

Ага ылайык, Бишкектин ТЭЦинде дагы эч кандай авария катталган эмес. Учурда калыбына келтирүү иштери жүрүүдө.

"Жылуулук тез тарап кетиши мүмкүн эмес. Балким насос станциялары үйлөрдүн үстүнкү кабатына жакшы жеткире албай жаткан чыгар. Мунун баары жакын арада калыбына келип калат", — дешти ишканадан.

Белгилей кетсек, бүгүн саат 12:00дөн кийин Кыргызстандын бир нече аймагында электр энергиясы өчүп калган. Көп өтпөй Өзбекстан менен Казакстандын дагы айрым аймактарында жарыктын өчкөнү айтылды.

Борбор калаада электр жарыгынын артынан суу да өчтү. "Бишкек суу канал" ишканасынын маалымат кызматынан билдиришкендей, электр жарыгы өчүрүлгөндүктөн насостук станциялар да иштебей калды.

Энергетика министрлигинин маалымат катчысы Жийде Зоотбекова электр жарыгы Борбор Азия боюнча өчкөнүн маалымдаган.

sputnik