Жанылыктар

Этникалык кыргыздарга жарандык берүүнү жөнөкөйлөтүү мыйзамы сунушталды

Долбоорунун максаты — Кыргызстанда жашаган этникалык кыргыздарды колдоо саясатын жакшыртуу, кайрылман макамын алууда тоскоолдуктарды жоюу. Ошондой эле кайрылмандардын жана этникалык кыргыздардын каттоо системасындагы көйгөйлөрүн чечүү, көчүп келүүчү этностук кыргыздарды кабыл алуу шарттарын жана аларды легалдаштырууну өркүндөтүү.

27 декабря 2021
Ошто турак үйдөн чыккан өрттөн эки аял менен эки бала каза болду

Ага ылайык, Өрт өчүрүү кызматына Ноокат районунун Көк-Жар айылында жайгашкан турак үйдөн өрт чыккандыгы тууралуу маалымат 6:50дө түшкөн. Жерине эки өрт өчүрүүчү бөлүм тартылып, саат 9:28де тилсиз жоону чектөөгө алган.

27 декабря 2021
Пилден качкан кабылан талга качып чыгууга аргасыз болду
Пилден качкан кабылан талга качып чыгууга аргасыз болду

Түштүк Африканын Мадикве коругунда ачууланган пилден качкан кабылан бакка качып чыгууга аргасыз болду. Пил үйүрүн жырткычтардан коргогусу келген. Бул көрүнүштү 60 жаштагы фотограф сүрөткө тартып алган.

24 декабря 2021
Кыргызстанда айрым медициналык окуу жайларды жабуу сунушталууда. Себеби
Кыргызстанда айрым медициналык окуу жайларды жабуу сунушталууда. Себеби

Ведомство аралык комиссиянын ишинин жыйынтыгы менен Кыргызстанда лицензиялык жана аккредитациялык талаптарга туура келбеген медициналык окуу жайларды жабуу сунушу киргизилет. Бул тууралуу Президентке караштуу антикоррупциялык ишкердик кеңешинин башкы катчысы Нурипа Муканова билдирди.

23 декабря 2021
Ибрагим Жунусов Өзбекстандагы элчи кызматынан бошотулду
Ибрагим Жунусов Өзбекстандагы элчи кызматынан бошотулду

Ибрагим Жунусов Кыргызстандын Өзбекстандагы элчиси кызматынан бошотулганын президенттин маалымат кызматы кабарлады.

23 декабря 2021
Жер төлөдө кармаган. 9 жаштагы Сумаяны өлтүрдү деген киши кармалды
Жер төлөдө кармаган. 9 жаштагы Сумаяны өлтүрдү деген киши кармалды

Окуучу кыз Сузакта 18-ноябрда мектепке кеткен бойдон дайынсыз болуп жаткан. Ал 10 күн бою изделип, сөөгү Арал айылына жакын Көк-Арт дарыясынын жээгинен табылган. Маркум акыркы сапарга узатылгандан кийин милиция ишти "Киши өлтүрүү" беренесине өзгөрткөн.

23 декабря 2021
Сулайманов: мандат маселеси — Оргалча менен Акаевдин талашы эмес
Сулайманов: мандат маселеси — Оргалча менен Акаевдин талашы эмес

Мандат маселеси Токтобүбү Оргалча менен Жанар Акаевдин ортосунда чыккан көйгөй эмес. Алардын ордунда башка талапкерлер деле болуп калышы ыктымал эле. Мындай пикирин Алтынбек Сулайманов билдирди.

22 декабря 2021
Кеткенден кийин да Ак үйгө түз кирип-чыга берели. Депутат Ибраевдин сунушу
Кеткенден кийин да Ак үйгө түз кирип-чыга берели. Депутат Ибраевдин сунушу

Жогорку Кеңештин депутаты Самат Ибраев VI чакырылыштын мөөнөтү бүткөндөн кийин Ак үйгө түз кирип-чыгууга уруксат берүү керектигин айтып чыкты.

22 декабря 2021
Бишкекте пластикти кайра иштеткен завод ишке берилди. Сүрөт
Бишкекте пластикти кайра иштеткен завод ишке берилди. Сүрөт

Ордо калаада пластикти кайра иштеткен завод ишке берилди. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы кабарлады.

21 декабря 2021
COVID жуктурган бейтап кайсы убакта бат көз жумат? Адистин түшүндүрмөсү
COVID жуктурган бейтап кайсы убакта бат көз жумат? Адистин түшүндүрмөсү

Коронавирус жуктурган бейтаптын өпкөсү жабыркаса жана ал дарыланбай жүрө берсе бат эле көз жумушу мүмкүн. Бул тууралуу РИА Новостиге Россия элдеринин достугу университетинин инфекциялык оорулар кафедрасынын доценти Сергей Вознесенский айтып берди.

21 декабря 2021
Садыр Жапаров Балыкчы — Бостери темир жолу куруларын айтты
Садыр Жапаров Балыкчы — Бостери темир жолу куруларын айтты

Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарынан Бостери айылына темир жол курулат. Бул туурасында президент Садыр Жапаров Жалал-Абад облусундагы иш сапары учурунда билдирди.

20 декабря 2021
Моджахеддер башын үч автоунаага баалаган чалгынчы Кубатов. Кызыктуу маек
Моджахеддер башын үч автоунаага баалаган чалгынчы Кубатов. Кызыктуу маек

Бүгүн Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети кесиптик майрамын белгилеп жатат. Бул атайын кызматтын ачылбаган сыры көп.

20 декабря 2021
Жаңы шайланган депутаттар бейшемби күнү мандат алып, ант берери күтүлүүдө
Жаңы шайланган депутаттар бейшемби күнү мандат алып, ант берери күтүлүүдө

Жаңы шайланган депутаттар ушул бейшемби, 23-октябрда, ант берип, VII чакырылыштын алгачкы жыйыны өтөт. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин аппаратынан билдирди.

20 декабря 2021
100 миң сомго чейин. Кыргызстанда айдоочуларга эми кандай айыптар салынат
100 миң сомго чейин. Кыргызстанда айдоочуларга эми кандай айыптар салынат

Жаңыдан күчүнө кирген кодекстерге ылайык жол эрежелерин бузган автомобилчилерге кандай айыптар салынарын бул материалдан окуңуздар.

20 декабря 2021
Аскар Акаев кайра Москвага учуп кетти. УКМКнын ага доосу жок экени айтылды
Аскар Акаев кайра Москвага учуп кетти. УКМКнын ага доосу жок экени айтылды

Мурдагы президент Аскар Акаев кайра Москвага учуп кетти. Бул тууралуу анын үзөңгүлөшү Бекболот Талгарбеков билдирди.

20 декабря 2021
Садыр Жапаров: Айгүл Жапарова пол жуугучту да кызматка койбойт
Садыр Жапаров: Айгүл Жапарова пол жуугучту да кызматка койбойт

Президент Садыр Жапаров жубайы Айгүл Жапарова тууралуу айтылып жаткан кептерге жооп берип, ал пол жуугучтарды да кызматка коё албай турганын билдирди.

17 декабря 2021
Жанар иним, мени өзүңдөй ойлобо! Жапаров мандат чуусу боюнча билдирүү жасады
Жанар иним, мени өзүңдөй ойлобо! Жапаров мандат чуусу боюнча билдирүү жасады

Мамлекет башчы шайлоо башталгандан бүгүнкү күнгө чейин БШКнын бир дагы ишине кийлигишпегенин айтып, мыйзамсыз чечим чыгарышса, өздөрү керт башы менен жооп берерин билдирди.

17 декабря 2021
Кымбатчылыкта акчаны кантип үнөмдөө керек. Финансисттин кеңеши
Кымбатчылыкта акчаны кантип үнөмдөө керек. Финансисттин кеңеши

Азыркыдай кымбатчылык учурунда акчаны үнөмдөө үчүн ар кандай арзандатуулардан жана акциялардан оолак болуу керек. Бул тууралуу "Прайм" агенттигине Финансыны башкаруу боюнча жогорку мектептин аналитика бөлүмүнүн башчысы Михаил Коган айтып берди.

17 декабря 2021
Бири-бирибизди чукубай иш жасабайлыбы. Токтобүбү Оргалча видео кайрылуу жасады
Бири-бирибизди чукубай иш жасабайлыбы. Токтобүбү Оргалча видео кайрылуу жасады

Жанар Акаевдин ордуна депутат боло турган Токтобүбү Оргалча мандат чуусу боюнча Facebook баракчасы аркылуу видео кайрылуу жасады.

17 декабря 2021
Кыргызстан менен Казакстан соода-логистикалык борбор курууга киришти
Кыргызстан менен Казакстан соода-логистикалык борбор курууга киришти

Экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев Казакстандын соода жана интеграция министри Бахыт Султанов менен жолугуп, Индустриалдык соода-логистикалык борборун курууну талкуулады. Бул тууралуу министрликтин маалымат кызматы билдирди.

17 декабря 2021
Баткен: кыргызстандыктар менен тажик чек арачылары чырдаша кетти
Баткен: кыргызстандыктар менен тажик чек арачылары чырдаша кетти

Кыргыз-тажик чек арасында 16-декабрь күнү чыр чыгып, асманга ок атылды. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматы билдирди.

17 декабря 2021
Сапар инибиздин аттарыбы? Жапаровдун 17 миң евролук экспонатты көргөн видеосу
Сапар инибиздин аттарыбы? Жапаровдун 17 миң евролук экспонатты көргөн видеосу

Өлкө башчы баасы илинип турган аттардын жанына келип мурдагы өкмөт башчы Сапар Исаковду эстеди. Ал ошондой эле ээр токулган жылкылардын макетине кызыкты.

17 декабря 2021
Көчмөндөр оюндарынын ЮНЕСКОго кириши Кыргызстанга кандай артыкчылык берет?
Көчмөндөр оюндарынын ЮНЕСКОго кириши Кыргызстанга кандай артыкчылык берет?

Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары Кыргызстандын атынан ЮНЕСКОнун материалдык эмес маданий мурастарды сактоо боюнча мыкты тажрыйбалардын тизмесине кирди. Мындай номинация өлкөгө кандай артыкчылык берерин маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Азамат Жаманкулов түшүндүрүп берди.

17 декабря 2021
Бишкекте УКМК академиясы курулмай болду
Бишкекте УКМК академиясы курулмай болду

Бишкекте Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин академиясы курулат. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматынан билдиришти.

16 декабря 2021
Акылбек Жапаров Кара-Суудагы ири базардын директорун жумуштан алды
Акылбек Жапаров Кара-Суудагы ири базардын директорун жумуштан алды

Кара-Суу шаарындагы "Туратали базары" мамлекеттик ишканасынын директору алмашты. Бул туурасында министрлер кабинетинин маалымат кызматы билдирди.

16 декабря 2021
Кайсы партиядан канча аялга депутаттык мандат берилет? Тизме
Кайсы партиядан канча аялга депутаттык мандат берилет? Тизме

Борбордук шайлоо комиссиясы парламенттик шайлоонун расмий жыйынтыгын чыгарып, 6 партия өттү деп таанылды. Анын ичинен 19 аялга мандат берилет.

16 декабря 2021
Киберкоопсуздук бузулду! Кыргызстан Centerra компаниясын сотко берди
Киберкоопсуздук бузулду! Кыргызстан Centerra компаниясын сотко берди

Кыргызстан Кумтөр кениндеги киберкоопсуздук менен кызматкерлердин укуктары бузулгандыгына байланыштуу канадалык Centerra Gold Inc. компаниясын сотко бергенин тастыктады.

16 декабря 2021
Жеткен коркоктук! Депутат болбой калган Жанар Акаев БШК боюнча үн катты
Жеткен коркоктук! Депутат болбой калган Жанар Акаев БШК боюнча үн катты

Жеңүүчүлөр аныкталгандан кийин бир адамга карата атайын эрежени өзгөртүү эч бир логикага сыйбайт жана жеткен коркоктук! Бул туурасында "Альянс" партиясынан талапкер Жанар Акаев БШКнын чечимине карата жазган постунда билдирди.

16 декабря 2021
Жогорку Кеңештин жаңы чакырылышынын биринчи жыйыны качан өтөт
Жогорку Кеңештин жаңы чакырылышынын биринчи жыйыны качан өтөт

Жогорку Кеңештин жаңы чакырылышынын биринчи жыйыны эки жуманын аралыгында болот. Бул тууралуу БШК төрайымы Нуржан Шайлдабекова билдирди.

16 декабря 2021
БШК жобону өзгөртүп, Жанар Акаевге мандат берилбей калды
БШК жобону өзгөртүп, Жанар Акаевге мандат берилбей калды

Парламенттик шайлоонун расмий жыйынтыгы жарыялангандан кийин "Альянс" партиясынан талапкер Жанар Акаевге мандат берилбей калды.

15 декабря 2021
БШК парламенттик шайлоонун расмий жыйынтыгын жарыялады
БШК парламенттик шайлоонун расмий жыйынтыгын жарыялады

БШК парламенттик шайлоонун расмий жыйынтыгын жарыялап, алты партия жеңишке жетти деп тааныды.

15 декабря 2021
Таң калып жатабыз! "Кумтөр" финансы министринин айткандарына жооп кайтарды
Таң калып жатабыз! "Кумтөр" финансы министринин айткандарына жооп кайтарды

"Кумтөр голд компани" ишканасы буга чейин финансы министри Алмаз Бакетаев айткандай 2021-жылдын 11 айында 6,9 миллиард сом эмес, 11,7 миллиард сом салык төлөгөн. Бул тууралуу аталган компания ЖМКлардагы Финансы министрлигинин билдирүүсү боюнча комментарий берип жатып айтты.

15 декабря 2021
Укташ керек. Таксисттердин иштөө убактысына чек коюу пландалууда
Укташ керек. Таксисттердин иштөө убактысына чек коюу пландалууда

Таксисттерге лицензия берүү эрежесин иштеп чыгууда жумуш убактысына белгилүү бир чек коюу пландалып жатат. Бул тууралуу Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын (ЖКККББ) жетекчисинин орун басары Ыманалы Саркулов билдирди.

15 декабря 2021
Көлдө курал менен май куйган жайды 1000 сомго карактап кеткендер кармалды. Видео, сүрөт
Көлдө курал менен май куйган жайды 1000 сомго карактап кеткендер кармалды. Видео, сүрөт

Ысык-Көлдө ок атуучу курал менен май куюучу жайдан акча карактаган үч шектүүнүн экөө кармалып, үчүнчүсүнө издөө жарыяланды. Бул тууралуу облустук милициянын маалымат кызматы билдирди.

15 декабря 2021