“Ар жылы ата-энемди жаңы жылы менен куттуктаганы айылга барганда кошуналар менен сөзсүз учурашып, ал-жай сурашабыз. Кошуналардын ичинен Тынар эжени көргөндө көп жыл мурунку окуя аргасыз эске түшөт”, деп бирге иштеген кесиптешим Жумаида баштан өткөн окуясын айтып берди.
- Биздин айыл ар кошкон элден турат. Айылыбызда кен казган чоң мамлекеттик ишкананын филиалы бар. Элибиз ошол кен казган заводдо иштешет. Атам да заводдун гаражында токарь болуп иштечү.
Биздин көчөдөгү 5-6 түтүн үй абдан ынтымактуу болгондуктан, бирөөнүн үйүнө конок келсе, алыстан туугандары келсе, кошуналар чогулуп келип казан-аякка жардамдашып жиберишчү. Эркектер эшикте кой союп, казан асып, от жагышса, аялдар үйдө дастарконго жардам беришер эле.
Атамдар чогуу иштегендери менен ар жылы жаңы жыл майрамын абдан шаңдуу белгилешчү. Баары жылдын аягында 13-айлыгын алышып, балдарына заводдон берген белектерди алып, деги жаңы жыл тосуу чоң салтанатка айланчу. Айылда кайдагы кафе. Майрамдык кечелер кезектешип ар кимдин үйүндө өткөрүлчү.
Ошол жылы кезек менин атама келген эле. Үйдө бака-шака, музыка. Келген конокторду баарыбыз кичинекей балдарга чейин жакшы тааныйбыз. Анткени, айылыбыз чакан. Баягыдай эле кошуналар келип, конок күткөнгө жардамдашып жүрүшкөн.
Уктай турган маал болуп калгандыктан, иним экөөбүздүн курсагыбызды тойгузуп, кошуна Тынар эжелердин үйүнө уктаганы жөнөтүп жиберишти. Анткени, үйдө уктай алчудай эмеспиз. Инимди ээрчитип, Тынара эженин үйүнө эки кызынын жанына келип жатып алдык. Ал эми Тынара эже жолдошу Касым байке менен биздин үйдө конок тосуп жүрүшкөн.
Көзүм илинип кеткен экен, жанымдан күшүлдөп-бышылдап чыккан добуштан ойгонуп кеттим. Көзүмдү ача калсам эле Тынар эже менен бейтааныш байке “кызуу иш” үстүндө экен. Экөө тең мас, арактын жыты келип турду. Шашып кетип көзүмдү жумуп, кудум мен кылмыш кылып жаткандай коркуп, демимди ичиме катып, жатып калдым. Жанымдагы иним ойгонуп кетпесе экен деп тилеп жаттым. Анан калса, тиги кошуна эженин кыздары да уктап жаткан эле да.
Алардын “жыргалынан” улуу кызы ойгонуп кетип, уйкусуруп “апа” деди эле, апасы “жат ары карап” деп урушуп салды. Байкуш кыз үн чыгарбай жатып калды. Тиги экөө “ишин” бүтүрүп алып, шарактаган боюнча үйдө чыгып кетишти. Мен дагы, кошуна эженин кызы дагы кыймылдабай жатып, андан ары уктап калыптырбыз.
Ушул күнгө чейин ошолор кошуналарымды көрсөм, жаңы жылдын түнүндө болгон окуяны аргасыз эстей берем. Алардын кызы уйкусуруп билбей, түшүнбөй калгандыр деп эле кыжалат боло берем, - деп кесиптешим баштан өткөн окуясын айтып берип, оозумду ачырды.