Президенттин маалымат саясатын жаңы жетекчи тескемей болду

28 декабря 2021 Президенттин маалымат саясатын жаңы жетекчи тескемей болду

Алтынбек Жумаев президенттин администрациясынын маалыматтык саясат кызматынын жетекчиси болуп дайындалды.

Тийиштүү буйрукка өлкө башчы Садыр Жапаров кол койгонун администрациядан билдиришти.

Буга чейин президенттин маалымат саясатын Нурай Марс тескеп келген. Ал аталган кызматка 2021-жылдын май айында дайындалган болчу.

sputnik