ЖК төрагалыгына Адахан Мадумаровдун да талапкерлиги көрсөтүлдү

29 декабря 2021 ЖК төрагалыгына Адахан Мадумаровдун да талапкерлиги көрсөтүлдү

Жогорку Кеңештин төрагалыгына эки талапкер ат салышат.

Ага ылайык, "Ынтымак" фракциясынан Талант Мамытов, "Бүтүн Кыргызстан" фракциясынан Адахан Мадумаров көрсөтүлдү.

Башка фракциялар жана бир мандаттуу округдун депутаттары талапкер көрсөткөн жок.

Учурда Жогорку Кеңештин спикерин шайлоо үчүн добуш берүү процесси башталды.

sputnik