Бишкекте гемодиализ кызматын уруксатсыз көрсөткөн жеке клиникалар аныкталды

27 декабря 2021 Бишкекте гемодиализ кызматын уруксатсыз көрсөткөн жеке клиникалар аныкталды

Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун Бишкек аймактык башкармалыгынын жооптуу адамдары гемодиализ кызматтарын көрсөткөн жеке медициналык мекемелерди мыйзамсыз каржылап жүргөнү аныкталды. Бул тууралуу Башкы прокуратура кабарлады.

Ага ылайык, Бишкек шаардык прокуратурасына "Гемодиализ менен жабыркаган бейтаптар биримдиги" коомдук бирикмеси кайрылган. Анын негизинде гемодиализ менен ооруган бейтаптарга медициналык кызмат көрсөтүүнүн, "Жасалма бөйрөк" аппараттарынын сапаты жана алардын сертификаттарын каттоонун, берүүнүн, ошондой эле аларды республиканын аймагына импорттоо процессинин мыйзамдуулугуна карата текшерүү жүргүзүлгөн.

Текшерүүдө мамлекетке карабаган айрым медициналык борборлор бейтаптардын өмүрүнө жана ден соолугуна коркунуч келтирип, коопсуздугу жана сапаты тастыкталбаган "Жасалма бөйрөк" аппараттарын уруксатсыз ашыкча орнотуп алганы такталган.

"Айрым менчик бейтапканалар Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун Бишкек аймактык башкармалыгынын кызмат адамдары менен жең ичинен сүйлөшүп алып, уруксат документтери жок медициналык жабдуулар менен бейтаптарды кабыл алып келишкен. Натыйжада алар гемодиализ алууга келген оорулуулардын санын жана сеанстарын ашыкча көлөмдө көрсөтүп, республикалык бюджеттен каржыланган", — деп жазылган маалыматта.

Бул фактылар боюнча көзөмөл органы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 337 ("Кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу") жана 245-беренеси ("Коммерциялык же башка уюмдардын кызматчыларынын ыйгарым укуктарын кыянаттык менен пайдалануу") менен кылмыш иши козголду.

sputnik