Бишкекте 1-январга караган түнү коомдук транспорт жүрөт. График

30 декабря 2021 Бишкекте 1-январга караган түнү коомдук транспорт жүрөт. График

Бишкекте 31-декабрдан 1-январга караган түнү атайын жаңы жылдык рейстер каттайт. Бул тууралуу мэрия билдирди.

Троллейбустук алты каттам элди төмөнкү багыттар боюнча ташымакчы:

  • №2, Аламүдүн-1 — Фрунзе атындагы завод;
  • №4, Эт комбинаты — Булгаары заводу;
  • №7, Туңгуч кичи району — Ак-Өргө конушу;
  • №10, Асанбай кичи району — Фрунзе заводу;
  • №14, Жогорку Жал — Киркомстром.
  • № 17, Асанбай кичи району — Булгаары заводу.

Мындан тышкары, 1-январга караган түнү автобустар менен маршруткалар бардык багыттар боюнча каттайт.

"1-январь күнү бардык муниципалдык транспорт эртең мененки саат 8:00дөн кечки 20:00гө чейин атайын расписание менен, ал эми маршруткалар кадимки тартипте иштейт", — деп айтылат маалыматта.

2-январдан тарта транспорттун бардык түрү штаттык режимде каттай баштайт.

sputnik