27 декабря 2021
Салык кызматынын төрагасынын орун басары Нурлан Умтулов контролдук-кассалык аппараттар (ККМ) коюлса түшкөн акчадан 8 пайызы салык катары кармалып калары туурасында айтылып жаткан кептерге жооп берди.
Белгилей кетсек, социалдык тармактарда жылдык соода жүгүртүүсү 8 миллион сомго чейинки ишкерлер салыктын бардык түрүнөн бошотулат деген маалыматтан шек санап жазышууда. Мурда пайдадан гана төлөсө, жаңы Салык кодекс ишке киргенден кийин түшкөн акчадан 8 пайызга чейин салык катары кармаларын айтып жатышат.
Умтулов сунушталган кодексте чын эле ушундай норма болгонун, бирок президенттин жарлыгы чыккандан кийин аны өзгөртүп жатышканын билдирди.