10 января 2022
Бүгүн Казакстан эли митингден кийин тутанган башаламандыкта каза тапкандарга байланыштуу аза күтүп жатат.
Буга чейин коңшу өлкөнүн президенти Касым-Жомарт Токаев 10-январды жалпы улуттук Аза күтүү күнү деп жарыялаган. Ага ылайык, өлкөнүн желектери төмөн түшүрүлүп, ЖМКлардан көңүл ачуучу программалар токтотулат.
Казакстандагы башаламандык учурунда 164 адам каза болгон. Анын ичинен экөө жаш бала, 18и күч түзүмдөрүнүн кызматкерлери.
Маалыматка караганда, Алматы шаарында 103, Кызыл-Ордо облусунда 21, Жамбыл облусунда 10, Алматы облусунда 8 адам курман болгон.