Алматыда ызы-чуу токтоду, көчөлөрдө митингге чыккан адамдар көрүнбөйт. Бул туурасында Sputnik Казакстан агенттигинин кабарчысынын учурдагы абал тууралуу берген маалыматында айтылат.
Ал билдиргендей, дүкөндөрдүн дээрлик баары тонолуп, терезелер талкаланып, жол чырактар түбү менен кулатылган.
"Абадан күйүктөн калган жыт кете элек. Кечээ башаламандык уюштургандар шаардын чок ортосундагы кварталдарда кездешип, кулак тундуруучу гранатанын үнү угулуп жаткан. Бүгүн андай дабыштар чыккан жок", — деди кабарчы.
Ошондой эле Улуттук банктын маалымат катчысы Олжас Рамазанов Казакстандагы бардык финансы мекемелери ишин токтотконун маалымдады.
Белгилей кетсек, 6-январга караган түнү президент Касым-Жомарт Токаев Алматыда башаламандык уюштургандарды сырттан даярдалган террордук банда деп атап, кырдаалды турукташтыруу үчүн ЖККУдан жардам сурады. Андан соң уюмга мүчө-өлкөлөр тынчтыкты орнотуучу күчтөрдү жөнөтүү чечимин кабыл алган.