Жогорку Кеңештин болжолдуу структурасы белгилүү болду

30 декабря 2021 Жогорку Кеңештин болжолдуу структурасы белгилүү болду

Жогорку Кеңештин VII чакырылышында 7 комитет түзүү демилгеленип жатат. Бул тууралуу депутат Султанбай Айжигитов билдирди.

Төмөнкүдөй комитеттерди түзүү сунушталууда:

  • Эл аралык иштер, коргонуу жана коопсуздук боюнча комитет;
  • Отун-энергетикалык комплекс, жер казынасы, өнөр жай саясаты жана экология боюнча комитет;
  • Конституциялык мыйзам, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана регламент боюнча комитет;
  • Финансы-экономикалык саясат боюнча комитет;
  • Социалдык саясат, билим берүү, илим, саламаттык сактоо жана спорт боюнча комитет;
  • Тартип коргоо, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы туруу боюнча комитет;
  • Транспорт, коммуникация, архитектура, курулуш жана агрардык саясат боюнча комитет.

Мындан тышкары, төрт вице-спикерлик орун түзүү демилгеленип жатат. Ушу тапта депутаттар парламенттин структурасын талкуулоодо.

sputnik