Митингге чыккан соодагерлер менен аткаминерлер жолукту. Сүрөт, видео

27 декабря 2021 Митингге чыккан соодагерлер менен аткаминерлер жолукту. Сүрөт, видео

Эски аянтта Өкмөт үйүнүн алдында "Дордой" базары менен башка соода борборлорунда иштегендердин митинги өттү. 

Митингге чыккандар жаңы Салык кодексинин кабыл алынышына жана контролдук кассалык аппаратка (ККМ) каршы пикирин билдирген.

ВИДЕО

Алардын айтымында, министрлер кабинети бизнести жарга такап жатат. Митингчилер жаңы кодекс чакан бизнести талкалай турганын белгилешкен.

Нааразычылык акцияга чогулгандарга министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Арзыбек Кожошев, экономика, коммерция министри Данияр Амангелдиев жана башкалар чыккан. Соодагерлер аларга кодексти кайра артка кайтаруу талапбы жазылган кат берип, жообун 29-декабрга чейин күтөрүн айтышкан.

Кожошев Жогорку Кеңеш кабыл алган кодексти президент карай электигин айтып, дагы убакыт бар экенин түшүндүргөн. Башкача айтканда, Жаңы салык кодекси 1-январдан баштап күчүнө кирбейт. Ал түшүндүрүү иштери жүрүп жатканын айтып, соодагерлерге керектүү суроолоруна жооп алуу үчүн Салык кызматынын жетекчилиги менен ЖМКлардын аянтчасында жолугушууну сунуштады.

Эртең менен Өкмөт үйүнүн алдына 50дөй адам чогулган. Кийин алардын айрымдары кетип, Кожошев менен жолугуп сүйлөшүүгө 30дайы калганы маалым болду.

sputnik