Президент Садыр Жапаров КМШ мамлекеттеринин жетекчилеринин бейрасмий жолугушуусуна катышуу үчүн Санкт-Петербург шаарына учуп кетти. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматынан билдиришип, аны коштоп кеткендердин тизмесин беришти.
Делегациясынын курамы:
1. Руслан Казакбаев, тышкы иштер министри;
2. Жээнбек Кулубаев, президенттик администрациянын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы;
3. Гүлнара-Клара Самат, Кыргызстандын Россиядагы элчиси.
Иш-чарага Беларусь президенти Александр Лукашенконун, Азербайжандын президенти Ильхам Алиевдин, Армениянын премьер-министри Никол Пашиняндын, Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаевдин, Казакстандын биринчи президенти Нурсултан Назарбаевдин, Россиянын президенти Владимир Путиндин, Тажикстандын президенти Эмомали Рахмондун, Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухамедовдун, Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевдин катышуусу күтүлүүдө.