Ошто турак үйдөн чыккан өрттөн эки аял менен эки бала каза болду

27 декабря 2021 Ошто турак үйдөн чыккан өрттөн эки аял менен эки бала каза болду

 Бүгүн эртең менен Ош облусунда турак үйдөн чыккан өрттөн төрт киши каза болду. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Ага ылайык, Өрт өчүрүү кызматына Ноокат районунун Көк-Жар айылында жайгашкан турак үйдөн өрт чыккандыгы тууралуу маалымат 6:50дө түшкөн. Жерине эки өрт өчүрүүчү бөлүм тартылып, саат 9:28де тилсиз жоону чектөөгө алган.

"Кырсыктын кесепетинен 41 жана 39 жаштагы эки аял, 12 жана 2 жаштагы балдар көз жумду", — деп айтылат билдирүүдө.

Учурда өрттү толук өчүрүү иштери жүргүзүлүүдө.

sputnik