Жарыктын өчүшү боюнча Өзбекстан менен Казакстандын энергетиктери эмне деп жатат

25 января 2022 Жарыктын өчүшү боюнча Өзбекстан менен Казакстандын энергетиктери эмне деп жатат

Казакстан менен Өзбекстандын энергетикалык ведомстволору Борбор Азия мамлекеттериндеги жарыктын массалык өчүшү боюнча үн катты.

Өзбекстандын Энергетика министрлигинин маалыматы боюнча, коңшу өлкөнүн электр тармактары Казакстандан келген линиялардагы кубаттуулуктун кескин жогорулап кеткенине байланыштуу аварияга учураган.

Sputnik Өзбекстан агенттигинин жазганына караганда, учурда ар бир электр станциясы жалпы электр тармагынан бөлүнүп, өз алдынча иштөөгө аракет кылып жатат.

Казакстандын электр тармактарын жөнгө салып туруучу KEGOC компаниясынын маалыматы боюнча, саат 11:59да Борбор Азия энергетика системасында (Өзбекстан, Кыргызстан) авариялык дисбаланс болуп, жыйынтыгында "Түндүк-Чыгыш-Түштүк Казакстан" транзиттик линиясына жогорку кубаттагы электр энергиясы кошулуп кеткен. Мындан улам Казакстандын түштүк бөлүгүнүн көпчүлүк жерлери жарыксыз калган. Sputnik Казакстан агенттигинин жазганына караганда, учурда KEGOC электр жарыгын калыбына келтирүү менен алектенүүдө.

Белгилей кетсек, бүгүн саат 12:00дөн кийин Кыргызстандын айрым аймактарында электр энергиясы өчүп калган. Көп өтпөй Өзбекстан менен Казакстандын дагы бир катар аймактарында жарыктын өчкөнү айтылды.

sputnik