Экс-премьер Улукбек Марипов Сауд Аравияга элчилик кызматка даярдалууда

24 января 2022 Экс-премьер Улукбек Марипов Сауд Аравияга элчилик кызматка даярдалууда

Мурдагы премьер-министр Улукбек Марипов Кыргызстандын Сауд Аравиядагы элчиси болушу күтүлүүдө. Бул туурасында Жогорку Кеңештеги ишенимдүү маалымат булактар билдирди.

Мариповду аталган кызматка дайындоо маселеси бүгүн, 24-январда, парламенттин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция комитетинде каралат.

Улукбек Марипов 2021-жылдын февралынан октябрь айына чейин кыргыз өкмөтүн жетектеп кеткен.

sputnik