Бишкекте дагы үч мектеп онлайн окууга өттү

19 января 2022 Бишкекте дагы үч мектеп онлайн окууга өттү

Бишкекте коронавирустан улам дагы үч мектеп онлайн окууга өткөнүн мэриянын маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, окуучулардан коронавирус аныкталганына байланыштуу №17, 30 жана 32 орто мектептер 14 күнгө карантинге жабылып, окуучулар онлайн окуйт.

Эске салсак, буга чейин Кыргызстан боюнча жалпысынан 26 мектеп аралыктан окутууга өткөрүлгөн. Анын ичинде 16сы Бишкек шаарында, 10у Чүй облусунда болчу. Эми Бишкекте онлайн окууга өткөн мектептердин саны 19га жетти.

sputnik