Сүлүктүдө 14 жаштагы эки өспүрүм дайынсыз болууда. Сүрөт, белгилери

19 января 2022 Сүлүктүдө 14 жаштагы эки өспүрүм дайынсыз болууда. Сүрөт, белгилери

Баткендин Сүлүктү шаарында 14 жаштагы эки өспүрүм изделип жатат. Бул тууралуу облустук милициянын маалымат кызматы кабарлады.

Ага ылайык, Сүлүктү шаарынын Шахтер көчөсүнүн 37 жаштагы тургуну 16-январь күнү саат 8:30да жумушка кетип жатып, уулу Кылычбек Камаловду ойготоюн деп бөлмөсүнө кирип таппай калганын айтып милицияга кайрылган.

Белгилери: бою 155-160 сантиметр, чачы, кашы менен көзү кара, арыкчырай, акыл-эси соо.

Кийген кийимдери: кара түстөгү жемпир, куртка, шым жана спорттук бут кийим.

Сүлүктү шаарынын 50 жаштагы тургуну да арыз менен кайрылып, уулу Жоламан Азимбаев өздөрү жашаган Жураев көчөсүнөн 16-январь күнү саат 10:00дөр чамасында "досумду чакырып келейин" деп чыгып кеткен бойдон кайрылып келбегенин билдирген.

Белгилери: бою 160-165 сантиметр, чачы узун жана күрөң түстө, арыкчырай, акыл-эси соо.

Кийген кийимдери: ак түстөгү жемпир, кара булгаары куртка, кара түстөгү шым, ак-кара түстөгү спорттук бут кийим.

Жогорудагы эки фактыны Сүлүктү ШИИБи каттап, издөө иштери жүрүп жатат.

Облустук милиция эки бала бир мектепте, бирок башка класста окуй турганын кошумчалады. Ошондой эле эки окуянын байланышы боюнча тергөө жүрүп жатканын айтты.

Милиция балдарды таанып, жүргөн жерин билгендерди (03653) 5-06-51 жана 0220 79-35-03 номерлерине байланышып коюуну өтүндү.

sputnik