Жапаров парламент жактырбай койгон Кадыркуловду элчиликке дайындады. Себеби

25 января 2022 Жапаров парламент жактырбай койгон Кадыркуловду элчиликке дайындады. Себеби

Президент Садыр Жапаров Идрис Кадыркуловду Кыргызстандын Украинадагы элчиси кылып дайындады. Бул тууралуу мамлекет башчынын маалымат кызматы билдирди.

Тиешелүү жарлыкка президент бүгүн кол койгон.

Белгилей кетсек, кечээ, 24-январда, парламенттин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитети Кадыркуловдун талапкерлигин элчилик кызматка колдобой койгон.

Үч депутат макул, төртөө каршы добушун берип өтпөй калган эле.

Мамлекет башчынын маалымат кызматы Sputnik Кыргызстанга берген жообунда президент Жогорку Кеңештин макулдугусуз эле элчилерди дайындоого укуктуу экенин белгиледи.

Ага ылайык, Конституциянын 70-беренесинин 6-бөлүгүнүн 4-пунктуна шилтеме келтирилет.

Анда президент чет мамлекеттердеги дипломатиялык өкүлчүлүктөрдүн башчыларын жана эл аралык уюмдардагы туруктуу өкүлдөрүн дайындап, аларды кайра чакыртып алары жазылган.

"Конституция эң жогорку юридикалык күчкө ээ. Баш мыйзамда президентке элчини дайындоодо Жогорку Кеңештин макулдугу талап кылынбайт", — деген түшүндүрмө айтылды.

Ал эми "КР дипломатиялык кызматтар жөнүндө" мыйзамында жазылган элчилердин талапкерлигин ЖКнын тармактык комитети менен макулдашуу нормасы жаңы кабыл алынган Конституцияга дал келбей турганын билдиришти.

Буга чейин Украинадагы элчиликти экс-президент Сооронбай Жээнбековдун бир тууган агасы Жусупбек Шарипов аркалап келген. Ал мөөнөтү бүткөнүнө байланыштуу кызматтан кетти.

Идрис Кадыркулов 2018-2019-жылдары УКМКнын төрагасы болуп иштеген. Ал коомдо паспорттордун бланкаларын даярдоодогу коррупциялык иштерге аралашкан деп айтылган кептен улам өз ыктыяры менен арыз жазган.

sputnik