Көпкө чейин жыныстык катнаш менен алектенбегендин зыяны көп

19 января 2022 Көпкө чейин жыныстык катнаш менен алектенбегендин зыяны көп

Изилдөөлөр көрсөткөндөй, узак убакыт бою жыныстык катнашта болбогон адамдар депрессияга жана стресске көп кабылышат. Мындан тышкары, мээнин иштеши жайлайт, нерв системасы бошоңдоп, ачууга бат алдыра турган болуп калат. Дагы башка зыян жактары тууралуу төмөндөгү материалдан окуңуз.

Сиздин каалооңуз басылып калат

Кээ бир адистер сексуалдык активдүүлүктүн азайышы келечекте кумардын жоголушуна алып келиши мүмкүн дешет. Күндөн-күнгө, айдан-айга жыныстык каалооңуз жоголуп кетиши толук мүмкүн. Бирок, баары адамдын каалоосуна жараша болот.

Эмоциянын чыгышына тоскоол болот

Чындыгында, жыныстык катнаш менен үзгүлтүксүз алектенгендердин маанайы жакшы болот. Ал эми көптөн бери төшөк оюндарын “ойнобогон” адамдар бардык эмоциясын ичине жашырып, мындан улам кан басымы көтөрүлүп кетет. Ошондон кийин өздөрүн ыңгайсыз, бактысыз сезет.

Жүрөк-кан тамыр ооруларына чалдыгат

Бир калыпта жана жакшы мамиледе болгон адамдардын жүрөк-кан тамыр системасы менен көйгөйлөрү жок, ал эми жыныстык катнашка барбагандардын ден соолугу начар болушу мүмкүн. Анткени, жыныстык катнаш учурунда кан айлануу жакшырып, жүрөктүн кагышы тездейт. Башкача айтканда, активдүү кыймыл, гормондордун пайда болушу жүрөккө жакшы таасир этет.

Дүүлүгүү үчүн көп аракет кыласыз

Жыныстык катнаш менен бат-бат алектенүү - жыныс органдарынын ишин активдештирет. Тескерисинче, көпкө чейин эч ким менен төшөктөш болбосо, дүүлүгө албай, кыйналышы мүмкүн. Адистердин айтымында, жыныстык катнашка бат-баттан баргандар тез эле жылгалга балкышат. Мына ошондуктан, эгер сиз көптөн бери кошула элек болсоңуз, дүүлүгүү үчүн кошумча жардам керек болот. Мисалы, ар кандай майларды колдонууга же порнографиялык сүрөттөрдү жана тасмаларды көрүүгө туура келет.

Акыл-эс жөндөмүнүн төмөндөшү

Төшөк оюндарынан баш тартуу адамды акылдуу кылат деп көптөн бери айтылып келет. Бирок, илимпоздор башка пикирде. Жыныстык катнаш менен тез-тез алектенүү мээдеги нейрондордун көбөйүү активдүүлүгүн жогорулатат. Жыныстык катнашсыз илим менен алектенем деген бекер кеп. Ийгиликтүү жана билимдүү болом дегендерге үзгүлтүксүз секс менен алектенүүнү сунуштайбыз.

Аялдар ооруга кабылышы мүмкүн

Интимдик жашоонун ден-соолукка пайдасы көп. Көптөн бери секс менен алектенбеген аялдардын сүт бездеринин иштеши бузулат. Шишиктер пайда болушу мүмкүн. Мастопатия, жатын миомасы, фибромиома сыяктуу оорулар да пайда болот.

Секс организмдин табигый муктаждыгы болгондуктан, анын жоктугунан организм азап тартат. Деген менен, жыныстык катнаш милдетке айланбашы керек. Болгону ар ким каалаган убакта ырахатка бөлөнсө деген ой.