Коронавирус төрт адамдын өмүрүн алып, 870 кишиден чыкты. Акыркы маалымат

20 января 2022 Коронавирус төрт адамдын өмүрүн алып, 870 кишиден чыкты. Акыркы маалымат

Кыргызстанда 20-январга карата СOVID-19 инфекциясын 870 адам жуктурду. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги кабарлады.

Ооругандар:

  • Бишкек — 600;
  • Ош шаары — 10;
  • Чүй — 161;
  • Ош — 16;
  • Талас — 18;
  • Нарын — 2;
  • Ысык-Көл — 13;
  • Жалал-Абад — 23;
  • Баткен — 27.

Пандемиядан бери коронавирус 193 028 адамдан тастыкталды.

Тилекке каршы, коронавирус өткөн суткада төрт адамдын өмүрүн алды. Алардын бардыгы Бишкекте катталды жана ооруга каршы вакцина алган эмес. Жалпысынан оорудан 2 842 киши каза тапты.

Акыркы суткада илдеттен 266 адам сакайып, үйлөрүнө чыгарылган. Жалпы айыккандардын саны 181 692ни түздү.

Учурда республикадагы ооруканаларда 1 040 бейтап дарыланууда. Алардын ичинен алтоонун абалы канааттандырарлык, 655и орточо, 330у оор жана 49у өтө оор абалда жатат. Ал эми амбулатордук түрдө 5 961 бейтап жардам алууда.

sputnik