Мурдагы ички иштер министри, генерал-лейтенант Молдомуса Конгантиев Бишкек шаарындагы "Ала-Арча" көрүстөнүндө жерге берилди.
Аны менен коштошуу зыйнаты Абдылас Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрында өттү. Акыркы сапарга узатууга министрлер кабинетинин жетекчиси Акылбек Жапаров, ЖК төрагасы Талант Мамытов, УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев, мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов, министрлер, ИИМ кызматкерлери, коомчулук келди.
Молдомуса Конгантиев 1958-жылдын 31-мартында Жалал-Абад облусунун Майлы-Сай шаарында туулган.
1989-жылы Кыргыз улуттук университетинин юридикалык факультетин "укук таануу" адистиги боюнча аяктаган. Эмгек жолун Улуттук банкта күзөтчү катары баштаган. Кийин ИИМдин социалисттик менчикти уурдоого каршы бөлүмдө нөөмөтчүдөн тарта опер кызматкерге чейин жеткен. Андан соң Жалал-Абад милициясында ар кайсы кызматтарды аркалап жүрүп, 2005-жылы "жоогазын" революциясынан кийин Бишкек милициясынын жетекчиси болуп дайындалган. Бул кызматта үч жыл отуруп, 2008-жылдын январь айында ички иштер министри болгон. ИИМди ал 2010-жылга чейин жетектеген.
2010-жылы 7-апрелде эл Курманбек Бакиевдин бийлигине каршы митингге чыкканда нааразычылык күч болуп турган Талас шаарына барган. Ошол жерден митингчилердин колуна түшүп ур-тепкиге алынган. Көп өтпөй аны жубайы Кыргызстандан алып чыгып кеткенин жергиликтүү ЖМКлар жазган. Бирок 26-апрель күнү КРдин Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматы россиялык кесиптештеринин жардамы менен Москва шаарынан аны колго түшүрүп, Бишкекке алып келген. Ага "Кызматтык ыйгарым укуктардан аша чабуу" жана "Шалаакылык" беренелери менен айып коюлган.
2019-жылы Бишкектин Биринчи май райондук соту мурдагы ички иштер министри Молдомуса Конгантиевди бардык айыптоолор боюнча далил табылбагандыктан күнөөсүз деген чечим чыгарган.