Бишкекте кыймылды жөнгө салып жаткан инспекторду унаа коюп кетти

9 февраля 2022 Бишкекте кыймылды жөнгө салып жаткан инспекторду унаа коюп кетти

Бишкекте Чыңгыз Айтматов проспектисиндеги кесилиште кыймылды жөнгө салып жаткан Патрулдук милициянын инспекторун унаа коюп кетти. Маалыматты Милициянын патрулдук кызмат башкармалыгынын басма сөз катчысы Байказы Айтикул уулу тастыктады.

Анын айтымында, окуя болжол менен саат 11:30дарда Жаманбаев көчөсү менен кесилишкен жерде болгон. Айдоочу из жашырып кеткен. Мындан улам "Перехват" планы жарыяланды. Алдын ала маалыматка караганда, инспекторду россиялык номер тагылган Toyota Vitz үлгүсүндөгү унаа койгон.

Айтикулов билдиргендей, жабырлануучу Тез жардам кызматы менен Травматология жана ортопедия илим изилдөө борборуна жеткирилди. Алдын ала маалымат боюнча, абалы оор.

sputnik