Министр Бейшеналиев: жакында аконит боюнча дагы айтып чыгам

11 февраля 2022 Министр Бейшеналиев: жакында аконит боюнча дагы айтып чыгам

Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев жакында аконит боюнча дагы айтып чыгарын билдирди.

Бейшеналиев биринчи жолу аконит боюнча билбей айтып алып журналисттердин жемесине калганын белгиледи. Эми жакында бул боюнча философиялык жана илимий тил менен түшүндүрмө бермекчи.

"Уу коргошун десе аты жаман экен деп чочулап жатышат. Эгер муну "Парижден чыккан ручка" деп койгондо элдин реакциясы башкача болмок. "Коронавируска каршы дарылай турган карамель" деп койсокчу? Ушу аконит, уу коргошун дебей башка ат менен айтканда… "Анара" деп койсом болмок экен, эркектердин баары каткырып күлүп калмак", — деди министр.

Бейшеналиевдин айтымында, аконит бардык өлкөлөрдө миң жылдан бери колдонулуп келген тундурма.

sputnik