ББА Жаш Гвардия проспектиндеги тыгын көйгөйүн чечүү жолун сунуштады. Эскиз

11 февраля 2022 ББА Жаш Гвардия проспектиндеги тыгын көйгөйүн чечүү жолун сунуштады. Эскиз

"Бишкек башкы архитектура" ишканасы "Жаш Гвардия проспекти — Лев Толстой көчөсү — Матыев көчөсү" транспорттук түйүнүн курууну сунуш кылып жатат.

Мындай жол менен архитекторлор жол тыгынына байланыштуу көйгөйдү чечүүнү көздөөдө.

Маалыматка караганда, бул жол курулушу жагынан уникалдуу болот. Тагыраагы, Жаш Гвардия проспекти Матыев көчөсүнө чейин жеткирилип, эки магистраль биригет. Мындан улам автоунаа кыймылы ылдамдайт. Ошол эле учурда темир жол жана Лев Толстой көчөсүндөгү кыймылга тоскоолдук жаралбайт.

"Бишкек башкы архитектура" ишканасынан билдиришкендей, шаардын 2025-жылга чейинки башкы планына ылайык, аталган жолду куруу үчүн ал жердеги объектилер, май куюучу жай алынышы керек. Ошондой эле айрым жерлерди сатып алып, бак-дарактарды кыюу зарыл. Буга көп каражат талап кылынат. Андыктан мекеме эскизде көрсөтүлгөн вариантты сунуштап жатат.

sputnik