Элчи: Россия Баткендеги объектилерди калыбына келтирүүгө 1,5 млн. доллар которду

10 февраля 2022 Элчи: Россия Баткендеги объектилерди калыбына келтирүүгө 1,5 млн. доллар которду

Россия декабрда Баткен районундагы чек ара жаңжалында жабыркаган объектилерди калыбына келтирүүгө 1,5 миллион доллар которду. Бул тууралуу РФтин Кыргызстандагы элчиси Николай Удовиченко билдирди.

Элчи Sputnik Кыргызстан агенттигинин пресс-борборунда өткөн маалымат конференциясына катышты. Иш-чара Россиянын дипломатиялык кызматкерлеринин күнүнө арналган.

Анын айтымында, Россия Кыргызстанга каржылык жана материалдык-техникалык жардам көрсөтүүнү улантууда.

sputnik