Алып баруучу элеңдеп. Түз эфирде тартылып калган жер титирөөнүн видеосу

14 февраля 2022 Алып баруучу элеңдеп. Түз эфирде тартылып калган жер титирөөнүн видеосу

Катуу жер силкинген учур Грузия телеканалынын түз эфирине тартылып калган. Аталган видеону Sputnik Грузия Telegram-каналына жарыялады.

ВИДЕО

Эфирде сүйлөп жаткан алып баруучу: "Жер титиреп жатат окшойт", — деп элеңдеп, эки четин карап калган.

Ал күнү Тбилисиден 58 чакырым алыста жайгашкан Самеба айылында күчү 6,2 баллга жеткен жер титирөө катталган. Кыйроолор жана жабыркагандар болгон эмес. Силкинүүнү Грузиянын борбору Тбилисинин тургундары дагы сезишкен.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматы боюнча, жер титирөөнүн күчү очогунда 6-7 баллга чейин жеткен.

sputnik