Мугалим, артист, жазуучу. Садыр Жапаров ишинде өзгөчөлөнгөндөрдү сыйлады

10 февраля 2022 Мугалим, артист, жазуучу. Садыр Жапаров ишинде өзгөчөлөнгөндөрдү сыйлады

Мамлекет башчы Садыр Жапаров бүгүн, 10-февралда, ишмердүүлүгүндө өзгөчөлөнгөн кыргызстандыктарга мамлекеттик сыйлыктарды тапшырды. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы кабарлады.

Жапаров сыйлык ээлерин куттуктап жатып коронавирус менен күрөшүп, элди жаман илдеттен сактап калган дарыгерлердин, балдарга таалим-тарбия берген мугалимдердин эмгегин белгилеген.

"Мейли аскер кызматчысы болобу, же айыл чарбасы менен энергетика тармагынын адамы болобу, мейли шаарыбыздын тазалыгын көзөмөлдөгөн ишкананын мээнеткеч жумушчусу болобу, же жалпыга маалымдоо каражатынын өкүлү болобу, адал эмгектенген ар бир адам коомду жакшыртууга салымын кошуп жатат. Бул жерде отурган ар бир сыйлык ээси тууралуу айта берсек узун сабак кеп. Баарыңыздар ушундай алкоого татыктуусуздар", — деген Жапаров.

Президент ишинде өзгөчөлөнгөн кесип ээлерин алган сыйлыгы менен куттуктап, Кыргызстан алар менен сыймыктана турганын кошумчалаган.

Белгилей кетсек, Жаңы жыл алдында Садыр Жапаров бир катар кыргызстандыктарга мамлекеттик сыйлык жана наам ыйгарган жарлыкка кол койгон. Алардын тизмеси менен кенен таанышсаңыздар болот.

sputnik