Акылбек Жапаров башында турган министрлер кабинети алмашабы? Бийликтин жообу

11 февраля 2022 Акылбек Жапаров башында турган министрлер кабинети алмашабы? Бийликтин жообу

Президенттин маалымат катчысы Эрбол Султанбаев министрлер кабинети алмашат деген маалыматты төгүндөп, бул боюнча комментарий берди.

"Акыркы убакта коомчулукта Акылбек Жапаров башында турган министрлер кабинети алмашары жана бийликтин жогорку бутагында кадрдык орун алмашуулар болору тууралуу ар кыл кеп-сөз жүрүүдө. Бул маалыматтар чындыкка дал келбей турганын расмий билдиребиз", — деген Султанбаев.

Ал Акылбек Жапаров жетектеген министрлер кабинети узак мөөнөттүү болорун белгилеген.

"Булардын алдында дымактуу тапшырмалар турат. Анын ичинде өлкөнүн консолидацияланган бюджетинин ресурстук бөлүгүн 400 миллиард сомго жеткирүү боюнча планын ишке ашыруу, бюджеттик тармактын кызматкерлеринин эмгек акысын жогорулатуу жана башкалар бар. Эл өзгөрүүлөрдү күнүмдүк жашоосунда сезиш үчүн министрлер кабинети стабилдүү жана узак мөөнөттүү иштеши керек", — деген ал.

Ошол эле маалда президенттин маалымат катчысы мамлекет башчы Садыр Жапаровдо аткаруу бийлигинин башчысы катары министрлер кабинетинин ар бир мүчөсүнүн жеке жоопкерчилигин карап чыгуу укугу бар экенин кошумчалап кеткен.

sputnik