Кыргызстанда 37 миң киши жеңилдик менен компенсация алат. Категориялар

10 февраля 2022 Кыргызстанда 37 миң киши жеңилдик менен компенсация алат. Категориялар

Кыргызстанда учурда Улуу Ата Мекендик согуштун 108 ардагери бар. Бул тууралуу Эмгек, социалдык коргоо жана миграция министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.

Ага ылайык, ушул тапта согуштун ардагерлерине ай сайын 7 миң сомдон, ошондой эле жыл сайын бир жолку жөлөк пул жана ай сайын президенттен өмүр бою берилчү стипендия ыйгарылат.

Мындан тышкары, мамлекет 25 категория боюнча жеңилдик алгандарга компенсация төлөп турат. Алар: афган согушунун ардагерлери, Чернобыль АЭСиндеги авариянын кесепетин жоюучулар, реабилитацияланган жарандар, ардактуу донорлор, Советтик Армиянын майыптары, концлагерлердин жашы жете элек туткундары, оорук кызматкерлери, эмгек армиясынын кызматкерлери, Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучулары, каза болгондордун үй-бүлөлөрү, ошондой эле көрүү жана угуу жагынан майыптар.

Акчалай компенсациянын өлчөмү жашаган аймакка карабастан 1000 сомдон 7000 сомго чейин белгиленет. Ушул жылдын январь айында 37 миң 371 адам жеңилдик боюнча акча алган. Жалпы 76 миллион 118 миң сом төлөм аткарылган.

Мындан тышкары, министрлер кабинетинин 2021-жылдын 17-майындагы токтомуна ылайык, былтыр жазында Баткендеги кыргыз-тажик чек арасындагы чырда каза болгондордун жана жабыркагандардын үй-бүлөлөрүнө бир жолку материалдык жардам төлөнгөн. Каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө 1 миллион сомдон, ал эми жабыркаган жарандарга алган жаракатынын оордугуна жараша 50 миң сомдон 100 миң сомго чейин берилген.

2022-жылдын 1-январына карата 137 жаранга жалпы суммасы 37 миллион 536,75 миң сом ай сайын акчалай компенсация төлөндү. Анын ичинен каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө (31 адам) 31 миллион 155 миң, жабыр тарткандарга (106 адам) 6 миллион 381 миң сом берилген.

sputnik