Белгилүү кикбоксчу Канатбек Сыдыгалиев көз жумду

11 февраля 2022 Белгилүү кикбоксчу Канатбек Сыдыгалиев көз жумду

Кыргызстандык белгилүү кикбоксчу Канатбек Сыдыгалиев 44 жашында көз жумду. Бул тууралуу КРдин Кикбоксинг федерациясы социалдык тармактагы баракчасы аркылуу кабарлады.

ВИДЕО

"Канатбек Сыдыгалиев көз жумду. Бул кикбоксинг коомчулугу үчүн чоң жоготуу", — деп жазылган постто.

Сыдыгалиевдин досу жана спорттук журналист Тахир Гафуров анын мыкты кикбоксчу эле эмес үй-бүлөсүнө камкор ата болгонун эскерип өткөн.

ВИДЕО

Канатбек Сыдыгалиев 1978-жылы 18-январда Талас районунун Арал айылында туулган. Ал 1999-2004-жылдары кикбоксинг боюнча Евразия чемпиону, Европа чемпионатынын коло байге ээси болуп, дүйнө чемпионаттарынан алтын, күмүш жана коло медалдарды алган. Ошондой эле дүйнө кубогун утуп, профессионалдар арасында Европа чемпиону аталган жана континеттер аралык чемпионатта биринчи орунду багындырган.

Рингде Куюн деген каймана ысымды алып жүргөн.

sputnik