Садыр Жапаров бүгүн Чүй облусун кыдырат

15 февраля 2022 Садыр Жапаров бүгүн Чүй облусун кыдырат

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 15-февралда, Чүй облусуна иш сапары менен барат. Бул тууралуу мамлекет башчынын маалымат кызматы кабарлады.

Сапардын жүрүшүндө президент аймактын өнөр жай ишканаларына барып, алардын ишмердүүлүгү менен таанышат.

Ошондой эле Жапаров жолдордун курулушунун жүрүшүн да көрөрү күтүлүүдө.

sputnik