Энергетика боюнча эксперт Турдакун Сапарбаев Кыргызстанда энергетика тармагында кадр маселеси оор абалга келип жеткенин айтты.
17 сентября 2021Кыргызгидромет агенттиги октябрь айына карата аба ырайынын божомолу тууралуу маалымат берди.
17 сентября 2021Тергөө тарабынан "Центерранын", "Кумтөр Голд Компани" ЖАКтын жана "Кумтөр Оперейтинг Компани" ЖАКтын жетекчилик кызматтагы адамдары сыртынан жоопко тартылып, издөөгө алынды. Бул тууралуу УКМК билдирди.
17 сентября 2021"Айбек Калиев менен Салайдин Авазов жаза мөөнөтү аяктаганына байланыштуу түзөтүү мекемесинен эркиндикке чыгарылды", — деп айтты ЖАМКтын маалымат кызматынан.
17 сентября 2021Баткен облусунда кыргыз-тажик чек арасында чыккан куралдуу жаңжалда каза болгон 36 жарандын үй-бүлөсүнө жаңы курулган үйлөр тапшырылды. Бул маалыматты аймактык кабарчы жеринен билдирди.
17 сентября 2021Баланы жазалоо үчүн эч качан ур-тепкиге албаш керек. Бул тууралуу РИА Новости агенттигине маек куруп жатып психологдор Александр Колмановский жана Екатерина Кес айтты.
17 сентября 2021Анын басымдуу бөлүгү эгемендүүлүктүн 30 жылдыгына, "Инсандын руханий адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы" жөнүндө президенттин жарлыгын аткарууга жана эл аралык маданий мамилелерди өнүктүрүүгө багытталган.
17 сентября 2021Кытай өкмөтү Кыргызстандын социалдык-экономикалык өнүгүүсүн колдоо иретинде 650 миллион юань (100 миллион доллардын тегереги) менен коронавирустук инфекцияга каршы кытайлык вакцинанын 1 миллион дозасын берүүгө даяр
17 сентября 2021Плимут университетинин окумуштуулары сүрөтү жана жазуусу бар айнек идиштердин курамында коргошун менен кадмий абдан көп экенин аныкташты. Бул тууралуу “Дни.ру” басылмасы жазат.
16 сентября 2021Ош облусундагы бир мандаттуу шайлоо округдарынын чек аралары өзгөрдү. БШК талаштуу маселелерди жөнгө салуу максатында ушундай чечим кабыл алынганын билдирди.
16 сентября 2021Мамлекет башчы Садыр Жапаров Афганистан Ислам Республикасындагы кырдаал боюнча Кыргызстандын позициясын билдиргенин президенттин маалымат кызматы кабарлады.
16 сентября 2021Мамлекет башчы Садыр Жапаров бүгүн, 16-сентябрда, ЖККУнун жамааттык коопсуздук кеңешинин сессиясына катышуу үчүн "Улут сарайына" келди. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы кабарлады.
16 сентября 2021Нью-Йорктун Түштүк округунун соту Centerra Gold Inc. компаниясынын кыргыз өкмөтүнө "Кумтөр" кени боюнча санкция салуу арызын четке какты. Бул тууралуу Law360 порталы жазды.
16 сентября 2021Жогорку Кеңештин депутаты Алтынбек Сулайманов ИИМдин Тергөө кызматына сурак берип чыккан соң журналисттердин суроолоруна жооп берди.
16 сентября 2021Кыргызстанда 13-сентябрдан тарта электрондук санариптик документтерди сыноодон өткөрүү башталды. Бул тууралуу Санариптик өнүктүрүү министрлиги кабарлады.
16 сентября 2021Кыргызстандык балбан кыз Айсулуу Тыныбекованын дүйнө чемпионатындагы атаандаштары анык болду. Мелдешке катыша турган спортчулардын тизмесин Бириккен күрөш дүйнөсү (United World Wrestling) уюму расмий жарыялады.
16 сентября 2021Канадалык Centerra Gold Inc. компаниясы Кумтөр кениндеги ишти токтотуу үчүн бардык аракеттерди көрүп жатат. Бул тууралуу "Кумтөр голд компани" билдирүү таратты.
14 сентября 2021Ослодо өтүүчү дүйнө чемпионатында күрөшө турган Кыргызстандын кыз-келиндер курама командасы аныкталды. Бул тууралуу Күрөш федерациясынын вице-президенти Байгазы Кенжебаев билдирди.
14 сентября 2021Энергетика жана өнөр жай министринин орун басары Тилек Айталиев кыргызстандыктарды көмүр менен газ камдап алууга чакырды. Анын айтымында, бул нерсе энергектиктерге элди электр энергиясы менен камсыздоого жардам берет.
14 сентября 2021Кыргызстандыктар октябрь айынын аягында электр энергиясы үчүн квитанцияларды жаңы тариф менен ала баштайт. Бул тууралуу маалымат жыйын учурунда энергетика жана өнөр жай министринин орун басары Тилек Айталиев билдирди.
14 сентября 2021Балдарды мектепке жана университетке кабыл алуу үчүн ата-энесинен 1200 долларга чейин пара талап кылган деген шек менен эки мугалим кармалды. Бул туурасында Ош шаардык милициясынын маалымат кызматы кабарлады.
14 сентября 2021Грек-рим күрөшү боюнча Токио Олимпиадасынын күмүш байге ээси Акжол Махмудов Ослодо өтүүчү дүйнө чемпионатына катышпайт. Маалыматты Кыргызстандын улуттук командасынын башкы машыктыруучусу Азат Эркимбаев тастыктады.
14 сентября 2021Эртең, 15-сентябрда, жаңы окуу жылынын биринчи күнүнө карата министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов баштаган өкмөт мүчөлөрү окуучуларга сабак өтөт. Бул туурасында өкмөт башчы Facebook баракчасы аркылуу маалымдады.
14 сентября 2021Кыргызстан акча базасынын көлөмү боюнча рекордду жаңылады. Бул тууралуу Улуттук банктын маалыматында айтылат.
14 сентября 2021Биринчи май райондук соту Айзада Канатбекованы ала качкандарга карата өкүм чыгарды.
14 сентября 2021Кыргызстандын ички дүң продукциясы (ИДП) сегиз ай ичинде (январь-август) 405 миллиард сомду түзүп, былтыркыга салыштырмалуу 0,7 пайызга төмөндөдү. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети билдирди.
14 сентября 2021Кыргызстандык стендап-куудул Элдосбек Алмаз уулу ТНТ телеканалындагы “Ачык микрофон” шоусунун кезектеги этабынан ийгиликтүү өттү.
14 сентября 2021D витаминин дарыгердин көзөмөлү жок өз алдынча иче берүүнүн кесепети тиет, тагыраагы, гиперкальциемия жаралат. Бул тууралуу эндокринолог, диетолог Оксана Михалева "Известия" басылмасына айтып берген.
14 сентября 2021100 пайыз мамлекеттик үлүштүк катышы бар чарбакер субъектилер жана мамлекеттик ишканалар инвестор менен биргелешкен ишкана түзүү аркылуу мындай иштерди жүргүзүүгө укуктуу деп белгиленген.
14 сентября 2021"Талибан"* кыймылынын согушкерлери өзүн Афганистан президентимин деп жарыялаган Амрулла Салехтин үйүнөн 6 млн. доллар, алтындын 15 куймасын тапкан. Бул тууралуу РИА Новости Khaama Press басылмасына шилтеме кылып жазды.
14 сентября 2021Жалал-Абад облусунун Аксы районунда жети адам күйдүргүгө шектелип ооруканага түштү. Бул тууралуу Карантиндик жана өзгөчө кооптуу инфекциялар борборунун бөлүм башчысы Кубанычбек Бектурдиев билдирди.
14 сентября 2021Ысык-Көлдүн Чолпон-Ата шаарында пилотсуз аппараттарды колдонуу боюнча Кыргызстан жана Россиянын биргелешкен машыгуулары башталды. Бул тууралуу ИИМ билдирди.
14 сентября 2021Россиянын Новосибирск шаарында эл аралык "Мемориал Нестеренко" юбилейлик мелдеши жыйынтыкталды. Ага Кыргызстан, Россия, Беларусь, Казакстан, Сербия жана Эстония мамлекеттеринин, ошондой эле РФтин 29 субъектисинин балбандары катышып, күч сынашты.
14 сентября 2021Бишкектин Биринчи май райондук соту инисин өлтүрүүгө шектелген С. уулу А. аттуу өспүрүмгө карата өкүм чыгарганын соттун маалымат кызматы билдирди.
13 сентября 2021