Акжол Махмудов дүйнө чемпионатына барбайт. Машыктыруучусу себебин айтты

14 сентября 2021 Акжол Махмудов дүйнө чемпионатына барбайт. Машыктыруучусу себебин айтты

Грек-рим күрөшү боюнча Токио Олимпиадасынын күмүш байге ээси Акжол Махмудов Ослодо өтүүчү дүйнө чемпионатына катышпайт. Маалыматты Кыргызстандын улуттук командасынын башкы машыктыруучусу Азат Эркимбаев тастыктады.

Анын айтымында, мелдешке бара турган курам учурда аныкталып жатат. Спорттук күрөштүн (грек-рим, эркин жана кыздар күрөшү) түрлөрү боюнча дүйнө чемпионаты Норвегиянын баш калаасы Осло шаарында 2-10-октябрда өтөт.

Акжол Махмудовдун жеке машыктыруучусу Мейрамбек Ахметов балбан ушу тапта Олимпиададан кийин калыбына келүү процессинен өтүп жатканын белгилеп, азырынча эч кандай мелдештерге барбай турганын билдирди.


sputnik