Кайнатамдын майдачыл, эзмелигинен тажадым. Келиндин даты

20 сентября 2021 Кайнатамдын майдачыл, эзмелигинен тажадым. Келиндин даты

"Психолог менен баарлашуу" рубрикасына кайнатасынын майдачылдыгына нааразы болгон келиндин катын жарыялайбыз.

Саламатсыздарбы! Мен 25 жаштамын. Турмушка чыкканыма алты айдын жүзү болду. Өзүм Бишкектеги мектептердин биринде мугалим болуп иштейм. Учурда боюмда бар. Жолдошум экөөбүз сүйлөшүп жүрүп үйлөнгөнбүз. Өзү шаардык бала. Кайненем он жыл мурда эле каза болуп калыптыр. Бирок эмнегедир ошондон бери кайнатам үйлөнгөн эмес. Башында чынында жолдошумдун шаарда үйү бар экенин угуп сүйүнгөм. Анткени батирлеп көчүп жүрүү кимге жаксын? Азыр, тескерисинче, жумуштан кийин үйгө баргым келбейт. Себеби кайненеден ашкан майдачыл кайнатам бар. Атабыз ушунчалык таза, кырс, эзме адам. Адамды сөз менен эле мээсин жеп, ыйлатып салат. Анда-санда болсо бир жөн, күндө кылган ишиңден кынтык табат. Ал аз келгенсип күйөөм келсе аны да өзүнчө чакырып алып, бир нерселерди айтып даттанат. Бир жакка кетсе аябай сүйүнүп, үйдө кенен басып калам.

Эми робот болбогондон кийин кээде идиштер чачылып калат же жумуштан чарчап келгенде бир аз эс алып жүргүң келет да. Жок, бизде күнүнө үйдү кырып-жышып жууп, аскерде жүргөндөй бир из менен басып жүрүш керек. Ээн-эркин жашамай жок. Колуман бир нерсе түшүп кетсе "мынча сомго үйдү евроремонт жасагам, даярга келсе анын баркын билмек беле?" деп сүйлөнөт. Ушунчалык тажап кеттим. Туугандарыбыздын келиндеринен атабыз убагында кайненеме да ушундай мамиле кылганын угуп жаман болдум. Себеби кайненем оорудан көз жумган. Ушинтип жей берип оорукчан кылган го. Азыр мен да жукарып бара жатат окшойт. Айткан сөздөрүн кулак сыртынан кетирип, көңүлгө албоого аракет кылчумун. Азыр бул да колумдан келбей калды. Ыйлайм же кечке ойлоном, кабатырланам, ачууланам.

Минтип отурсак беш жылдан кийин оорукчан болуп каларым анык. Тажаганымдан ажырашып деле кетким келет. Бирок "чыдайын, обу жок болбоюн" деп өзүмдү алдап келем. Күйөөм да бир атасына таарынса, бир мени жаман көрүп эле ортодо кыйналды. Бөлүнөлү десек да болбойт.

Психолог Гүлнара Жасоолова:

— Үй-бүлөдө кайната менен келиндин пикир келишпестиги аз болот. Келин көбүнчө кайнене, кайнеже, кайынсиңди менен тил табыша албай калат.

Эми бул жерде кайнатаңыздын кандай үй-бүлөдө чоңойгону да маанилүү. Мүмкүн ал киши кичинесинен эле апасына жардам берип, идиш-аякка аралашып, кийин үйлөнгөндө деле балдарды да өзү тарбиялап, ички үй жумуштарын жасап көнүп калгандыр. Бул жагын да эске алуу керек.

Ал кишинин аял жумуштарга киришкенинен улам үйдө кыйын жагдай жаралып жаткандыгын айтыптырсыз. Алгач "кайнатама кандай мамиле кылсам, жасаган ишимден кынтык таппайт" деп оюндагыдай мамиле жасоонун жолдорун издеп көрсөңүзчү. Анын деле чогуу отуруп сырдашчу кишиси жок, жан дүйнөсү жабыркап, балким, ичинде көйгөйлүү маселелери бардыр. Бул жагын да ойлойлу.

Дароо эле ажырашууну көздөгөн чечим чыгарбоо кеңешин берет элем. Турмушта ар кандай кыйынчылыктар болот. Алгач аны чечүүнүн жолдорун карашыбыз керек.

Негизи эркек менен аялдын психологиясында өзгөчөлүктөр болот. Муну да иликтеп көрүңүз.

Үй-бүлө мүчөлөрүнө кандай мамиле жасап, өзүңүздү мындай оор кырдаалда кантип алып жүрүү керектиги тууралуу психологго да кайрылыңыз. Же болбосо апаңыздан, улуу эжеңизден кеңеш сурасаңыз жакшы болмок.

Өзүңүздүн да саламаттыгыңызды карашыңыз керек, мындан тышкары, азыр күйөөңүз да кыйын кырдаалда экенин унутпаңыз.


sputnik