Ошто шайлоо округдарынын чек арасы өзгөртүлдү. Алмашкан айылдардын тизмеси

16 сентября 2021 Ошто шайлоо округдарынын чек арасы өзгөртүлдү. Алмашкан айылдардын тизмеси

Ош облусундагы бир мандаттуу шайлоо округдарынын чек аралары өзгөрдү. БШК талаштуу маселелерди жөнгө салуу максатында ушундай чечим кабыл алынганын билдирди.

Белгилей кетсек, БШК шайлоо округдарынын жаңыдан түзүлгөн схемасын 11-сентябрда жарыялаган болчу. Ага ылайык, Ноокат районунда эки шайлоо округу (мурда бирөө болчу) түзүлдү. Ал эми Ош шаарына бир гана округ калтырып, калаадагы шайлоочулардын жарымы Кара-Суу районунун Төлөйкөн шайлоо округуна кошулган.

№4 Көк-Жар шайлоо округу

Шайлоочулардын саны — 80426.

Ага Араван районунун Төө-Моюн айыл аймагы, Ноокат районунун Төөлөс, Ынтымак, Т. Кулатов, Он-Эки-Бел, Найман, Көк-Жар, Бел, Жаңы-Ноокат айыл аймактары толугу менен, Гулистан айыл аймагындагы № 5402, 5403 шайлоо участкалары кирет.

№5 Ноокат шайлоо округу

Шайлоочулардын саны — 82 006.

Ноокат районунун Гулистан айыл аймагындагы № 5400, 5401, 5525, 5593 шайлоо участкалары, Ноокат шаары, Мирмахмудов, Кара-Таш, Т.Зулпуев, Кыргыз-Ата, Кеңеш, Н. Исанов, Көк-Бел айыл аймактары биригет.

№6 Араван шайлоо округу

Шайлоочулардын саны — 91 029.

Араван районунун Алля Анаров, Керме-Тоо, Мангыт, Нурабад, С.Юсупов, Тепе-Коргон, Чек-Абад айыл аймактары, Кара-Суу районунун Кызыл-Кыштак айыл өкмөтү толугу менен кирет.

№7 Ош шайлоо округу

Шайлоочулардын саны — 110 685.

Ош шаарынын МТУ-Жапалак, МТУ-1, МТУ-2, МТУ-3, МТУ-5 толугу менен кирет.

№8 Төлөйкөн шайлоо округу

Шайлоочулардын саны — 118 551.

Кара-Суу районунун Мады, Шарк, Төлөйкөн, Папан айыл аймактары толугу менен, Ош шаарынын МТУ-4, МТУ-6 толугу менен кирет.

№9 Кара-Суу шайлоо округу

Шайлоочулардын саны — 100 604.

Кара-Суу районунун Сарай, Кара-Суу шаары, Ак-Таш, Жоош, Нариман, Кашкар-Кыштак айыл аймактары толугу менен кирет.

№10 Куршаб шайлоо округу

Шайлоочулардын саны — 112 847.

Өзгөн районунун Өзгөн шаарындагы №5058, 5059, 5060, 5062, 5063, 5473, 5498, 5578, 5579 шайлоо участкалары, Кароол, Куршаб, Кара-Таш, Жалпак-Таш, Кызыл-Октябрь айыл аймактары толугу менен кирет. Кара-Суу районунун Кызыл-Суу, Жаңы-Арык, Отуз-Адыр, Катта-Талдык, Сары-Колот, Савай айыл аймактары, Алай районунун Жаңы-Алай айыл өкмөтү кошулат.

№11 Алай шайлоо округу

Шайлоочулардын саны — 115 944.

Алай, Чоң-Алай жана Кара-Кулжа райондору бириктирилип бир округ түзүлгөн. Мурдагыдан өзгөргөн эмес.

№12 Өзгөн шайлоо округу

Шайлоочулардын саны — 90 047.

Өзгөн районунун Ак-Жар, Алтын-Булак, Жазы, Зергер, Колдук, Кызыл-Тоо, Мырза-Аке, Салам-Алик, Баш-Дөбө, Дөң-Булак, Жылалды, Ийри-Суу, Төрт-Көл, Чаңгет айыл аймактары толугу менен кирет, Өзгөн шаарындагы №5499, 5064, 5065, 5061, 5066 шайлоо участкалары кошулат.

Ал эми Чүй облусундагы №31 Кемин шайлоо округунун аталышы "Чүй-Кемин" деп алмаштырылган. Башка округдардын чек аралары өзгөртүлгөн эмес.


sputnik