Президент Садыр Жапаров Кыргызстандын Афганистан боюнча позициясын билдирди

16 сентября 2021 Президент Садыр Жапаров Кыргызстандын Афганистан боюнча позициясын билдирди

Мамлекет башчы Садыр Жапаров Афганистан Ислам Республикасындагы кырдаал боюнча Кыргызстандын позициясын билдиргенин президенттин маалымат кызматы кабарлады.

Бүгүн, 16-сентябрда, Садыр Жапаров Душанбе шаарында өтүп жаткан ЖККУнун жамааттык коопсуздук кеңешинин сессиясына катышып жатат.

Мамлекет башчы аймакта теократикалык мамлекеттин калыптанышы уюмга мүчө өлкөлөргө терс таасир этерин айткан. Президент ошондой эле кыргыз тарап Афганистан менен достук мамилени колдоону жана анын ички иштерине кийлигишпөөнү жактаарын кошумчалаган.

Ошол эле учурда мамлекет башчы Афганистандын жаңы бийлигинин өкүлдөрү менен өлкөдөгү кырдаалды тезирээк турукташтыруу үчүн ар кыл маселелер боюнча кызматташуунун мүмкүн болгон варианттары жөнүндө диалог жүргүзүү зарылдыгын белгилеген.

"Биз Афганистандагы кырдаалдын тез арада турукташуусуна жана бул өлкөнүн эли кабыл ала турган мамлекеттик түзүлүштүн варианты менен жаңы инклюзивдүү өкмөттүн калыптанарына ишеним артабыз", — деген ал.

Өлкө башчы жыйындын алкагында Кыргызстандын ЖККУга катышуусу мамлекеттин тышкы саясатындагы артыкчылыктуу багыттарынан болуп саналарын дагы бир жолу белгилеп өткөн.


sputnik