Өзгөндөгү зынданда жатып дүйнөгө таанылган Имам Сарахси тууралуу 11 факты

20 сентября 2021 Өзгөндөгү зынданда жатып дүйнөгө таанылган Имам Сарахси тууралуу 11 факты

Ош облусунун Өзгөн шаарында "Өзгөн-Мунара – 2021" деп аталган этнофестиваль өттү. Ал ислам таануу илимине жана ислам укук жаатына эбегейсиз салым кошкон, ханафий мазхабынын эң эле даңазалуу аалымы Имам Сарахсинин өмүр жолуна жана ишмердүүлүгүнө багышталды.

Имам Сарахси ушул шаарда жашап, атактуу эмгектерин ушул жерде зынданда жазып, ушул шаарда жерге берилген. Анын түп нускадан (араб тилинен) түркчөгө которулган "MEBSUT" ("Ал-Мабсут") деп аталган 31 томдук китебинин таанытымы да ушул күнү байыркы шаарда өтөрү белгиленген. 

Өз ысымы жана туулган жылы, туулган жери. Толук аты-жөнү – Абу Бакр бин Мухаммад бин Ахмад бин Аби Сахл Ас Сарахси. Бул жерде "бин" деген "уулу", "баласы" дегенди түшүндүрүп, үч атасынын аты жазылып турат. "Сарахси" деген туулган мекенин билдирет, тагыраагы, "сарахсийлик" деген мааниде. Сарахс шаары – Каракандар дөөлөтүнүн (Караханид мамлекетинин) Марв жана Нишапур шаарларынын аралыгында, азыр эми Иран чек арасын Түркмөнстандан ажыратып турган Теженд дарыясынын сол жээгинде жайгашкан. Ошол жерде 1009-жылы жарык дүйнөгө келген.

Илим издеп Букарга келген. Келечегин ойлогон, өзгөчө билим алууга ышкысы бар балдар ал кезде кербендерге кошулуп, эл-жер көргөн, дервиштик жашоо кечирген. Анын да балалык чагы он жашынан тарта соода-сатык иштери менен байланышат. Ошентип жүрүп Борбор Азиядагы илим-билимдин очогу болгон Букар (Бухара) шаарына келет да, ал жерден Абдул Азиз Ал Халваний, Шейхул Ислам Абул Хусейн Али бин Ал Хусейн бин Мухаммадис Сууди Ал Ханафи жана Абул Хафс Умар бин Мансурул Баззаз деген аалымдардан окуп, ислам дини боюнча өтө жогору илимге ээ болгон. Ошол жерде мударис болуп талабаларга илим үйрөткөн деген божомолдор да айтылып келет.

Бийликке каршы күрөшү жана алыска айдалышы. Букардан илим алып, эл-жер көрүп келген жаш, курч жигит сарахсиликтердин оор абалын көрөт: алымдар, салыктар менен адамдарды жакырлантып бүткөн; иштей турган жаштар сыртка чыгып кеткен; кишилер эрксиз; баарын бийлик өзүнө күнкор кылып каратып алып, баш көтөрбөс кылып койгон. Мындан чыгуунун жолу — калктын бийликке каршы чыгып, көтөрүлүшү керек эле. Ал муну түшүндү жана башкаларга да түшүндүрдү. Натыйжада шаар башчысы (каканы) Амир Хасан 1073-жылы аны сүргүн кылат. Сүргүн катары Каракандар дөөлөтүнүн эң четки шаары Жазы суусу менен Тар суусунун ортосундагы Өзкент (азыркы Өзгөн) тандалат. "Ал Мабсут" деген китебинде кийин жазгандай "Жарык чачкан, чындыкты айткан, ушул себептен зынданга ташталган, жалганды жок кылууну каалаган, ошол себептен камакка алынып сүргүнгө айдалган жана элден алыс куулган..." ал элдин көйгөйүн айтканы үчүн эч бир чыга алгыс зындандан жай алат.

Китептерин зынданда жатып жазган. Өзкентте зынданда 15-16 жыл жаткан деп айтылат, ошол жер астында жатып, ошончо жыл бою жылчыктан шыкаалаган шакирттерине эмгектерин оозеки айтып берип, жаздырчу экен. Ошентип "Ал Мабсут", "Усуулул Фикх", "Шархус Сиярул Кабиир", "Зиядатуз Зиядат", "Шарху Жамиис Сагиир", "Шарху Жамиил Кабиир" деген эмгектерин жараткан.

Илимий эмгектеринин жазылышы азыркы адамдарды да таң калтырат. Ал абдан эле ар тараптуу илим-билимге ээ болгон. Чыгармаларынын көпчүлүгүн араб тилинде жазган, стилистикасы, лексикасы, терминологиясы, грамматикасы араб тилин таануучу лингвисттерди ошол күндөн ушул күнгө тамшандырып келет. Энциклопедист аалым катары математика, география, логика, философия, поэтика ж.б. илим тармактарында да илимий ой жүгүртүүлөрүн айткан, мыкты ырларды да жазган. Араб тилинен тышкары фарс тилде жазгандары да кездешет. Дагы бир таң калычтуу жагдай – ошол мезгилде Өзкентте жана жалпы эле Баргана өрөөнүндө илимий китептер аз болгондугуна карабай, илимий булактарды колдонбой туруп, кагаз-калеми жок эле эмгектерин жогорку деңгээлде жазып калтырган. Ал имам гана эмес "Имамдардын күнү" (Шамсул-аимма) деген даражага жеткен, исламдын фикх, фикх укукчусу (ханафий укуктарын жазган), келам деген илимдерин терең билген жана элге жайылткан.

Зындандан чыккандыгы айтылат. Болжолу 1087-жылы караңгы зындандан жарык дүйнөгө чыккан болуу керек. Андан кийин туулган жерине кетпей, Өзкент, Баргана, Маргалаң шаарларында жашап, имамдык кылып, эмгектерин жазып, балдарды окутат. Кийин атактуу диниятчылар болгон Бурхануддин Абдулазиз бин Умар бин Маза, Рукнуддин Масуд бин Хасан аль-Касани, Кадыхан аль-Өзгендинин (өлгөн жылы 1196-ж.) чоң атасы Махмуд бин Абдулазиз аль-Өзгендилер таалим алгандыгы айрым булактарда жазылып калган.

Ханафий мазхабындагы үчүнчү адам. Айрым уламалар жана ислам таануучулар анын эмгектерин өтө жогору баалап, исламдагы ханафий мазхабынын негиздөөчүсү Имам Азам (699-767) жана талабасы Мухаммад Шайбаниден (749-805) кийинки үчүнчү адам деп эсептешет. Бул кишинин тегин көбү билбей араб тектүү болуш керек деп да жүргөн.

Сөөгү Өзгөнгө коюлат. Имам 81 жашында, 1090-жылы, бул дүйнөдөн өтүп, сөөгү Өзкентке коюлат. Паски-Өзгөн мааласинде кабыры болгон, совет учурунда аны айрым гана адамдар билишкени менен айтуудан корккон. Кала берсе, кабыр жайдын кайда экендиги да айтылбай жүргөн. Муну анын эмгектерин араб тилинен түрк тилине которгон профессор Жеват Акташ Өзгөнгө келип, таап, көпчүлүккө көрсөтүп берген.

Түркия Дин башкармалыгы анын мурастарына өзгөчө мамиле кылды. Кыргыз коомчулугу Өзгөн шаарынан чыккан атактуу дин аалымы тууралуу дээрлик билген эмес. Анын куранды жана шариятты чечмелөө боюнча 31 томдон турган эмгектерин арабчадан түркчөгө профессор, доктор Мустафа Жеват Акшит 15 жылын коротуп которуп, өзүнчө китеп болуп чыкты. Өзгөн шаарында 2011-жылдын сентябрь айында Түркия мамлекетинин муфтийи Мехмет Гөрмездин колдоосу менен Имам Сарахсинин күмбөзү жаңыланды. Жакында Өзгөндө Түркия куруп берген Имам Сарахси атындагы мечит намазкөйлөргө өз эшигин ачат.

Кыргыз тарап да кирише баштады. 2013-жылдын 6-ноябрында Ош шаарында анын 1000 жылдыгына арналган эл аралык илимий-практикалык конференция болуп өттү. Ошол эле жылы Равшан Эратов менен Куштарбек Маматов "Имам Сарахси" аттуу китеп жазып чыгарды. Мурдагы муфтий Максат Токтомушевдин демилгеси менен түрк тараптын колдоосунда Бишкектин жаңы жаамы мечитине Имам Сарахсинин ысымы берилди.

Түрк мамлекеттеринин кызматташтык Кеңешинин демилгелери жана колдоолору. Аталган уюмдун жетекчисинин орун басары, кыргыз жазуучусу Султан Раев "Өзгөн-Мунара – 2021" этнофорумун өткөрүү демилгесин көтөргөн, каржы маселелерин чечкен, аалымдын аты-жөнү Имам Сарахсиге Өзгөни дегенди кошуп атады. Имам Сарахсинин китептерин которгон атактуу окумуштуу, профессор, 83 жаштагы Мустафа Жеват Акшит менен баарлашкан. Жакында анын уулу, Имам Сарахси эл аралык фондунун президенти Мехмет Акташ менен жолуккан. Түрк киночулары Имам Сарахси тууралуу фильм тартып жатат, кыргыз киночулары этнофестиваль тууралуу ролик тартты.


sputnik