Кыздар үчүн жасалган кичинекей куулуктар

17 сентября 2021 Кыздар үчүн жасалган кичинекей куулуктар

“Бутум узун болуп көрүнүү үчүн не кылуу керек?”, “Арык көрүнүш үчүн кандай кийинүү керек?”, “Бети тегерек кыздарга кандай оюусу бар кофта кийүү керек?” – деген сыяктуу кыздардын суроолору эч качан түгөнбөйт. Кээ бирлерине бүгүн жооп беребиз.

  1. Агыш сары туфли менен кыска юбка бутуңузду узун кылып көрсөтөт;
  2. Жамбаштын толуктугун тигинен тигилген шымдар жашырып турат;
  3. Эгер белиңиз ички, жамбашыңыз жалпак болсо, клеш джинсы кийген жарашат;
  4. Узун көйнөк менен юбка боюңузду кыскартып көрсөтөт;
  5. Кийимдеги майда сүрөттөр кичирейтип көрсөтөт, ал эми чоң сүрөттөр чоңойтуп көрсөтөт;
  6. Формасы жок кийимдер фигураны бузат;
  7. Башы тоголок, такасы жок туфлилер бутуңузду ичке көрсөтөт;
  8. Учу учтуу туфлилер бутту толук көрсөтөт;
  9. Кара колготкилер буттарды бир-эки килого арык көрсөтөт, ал эми ал кара туфли менен айкалышканда буттар узара түшөт;
  10. Ачык түстүү колготкилер буттарды толук, ары кыска көрсөтөт;
  11. Ачык түстөгү блузка артыкчылыктарңызды да, кемчиликтериңизди да көрсөтпөйт экенин унутпаңыз;
  12. Эгер кийимдерди айкалыштыруу касиетиңиз жок болсо, классикалык стилге кайрылыңыз;
  13. Үч түс эрежеси: кийимде кийүүдө үчтөн ашык түс пайдаланбаңыз, болбосо элдин күлкүсүнө каласыз;
  14. Чач жасалгаңыз кийген кийимиңизге туура келиши керек;
  15. Эгер бир нече атырыңыз болсо, аны кийимге сеппеңиз, ал кийимде бир ай бою сакталышы мүмкүн;
  16. Бет түзүлүшү тегерек кыздарга V-түрүндө оюугу бар кийимдер, ал эми тегерек оюк чап жаак кыздарга жарашат;
  17. Бир стилдеги кийимди кие бербеңиз, анткени убакыт өтүп, анын кызыгы тарайт;
  18. Ботфорттор бутту кыскартып көрсөтөт;
  19. Футляр түрүндөгү көйнөк арык кыздарга да, толук кыздарга да жарашат.