Айзаданы ала качкан беш кишиге соттун өкүмү чыкты

14 сентября 2021 Айзаданы ала качкан беш кишиге соттун өкүмү чыкты

Биринчи май райондук соту Айзада Канатбекованы ала качкандарга карата өкүм чыгарды.

Анда кызды уурдоого катышкан беш кишинин баары тең күнөөлүү деп табылган.

Соттолгондор:

  • Замирбек Раманкулов — 6 жыл 6 айга кесилди;
  • Кубаныч Токон уулу — 6 жыл 6 айга кесилди;
  • Ажыкабыл Рысбай уулу — 7 жылга кесилди;
  • Орузбек Нурумбетов — 7 жылга кесилди;
  • Сыймык Молдосариев — 7 жылга кесилди.

Сот айыпталуучуларды Айзаданын үй-бүлөсүнө материалдык зыян катары 100 миң сом төлөп берүүгө милдеттендирген.

Айзада Канатбекованын таежеси Бактыгүл Шакенованын айтымында, кыздын жакындары соттун чечимине ыраазы экенин айтып, доо арыз жазбай тургандыктарын кошумчалады.


sputnik