Документтерди эми милиционерлерге смартфондон эле көрсөтсө болот. Шарттары

16 сентября 2021 Документтерди эми милиционерлерге смартфондон эле көрсөтсө болот. Шарттары

Кыргызстанда 13-сентябрдан тарта электрондук санариптик документтерди сыноодон өткөрүү башталды. Бул тууралуу Санариптик өнүктүрүү министрлиги кабарлады.

Долбоорду аталган министрлик Ички иштер министрлигинин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы менен биргеликте ишке ашырууда.

"Санариптик документтер" жаңы кызматы "Tunduk" мамлекеттик порталынын мобилдик тиркемеси аркылуу милиция кызматкерлерине санариптик паспортун, санариптик айдоочулук күбөлүгүн жана транспорт каражатын каттоо күбөлүгүн смартфондон эле ачып көрсөтүү мүмкүнчүлүгүн берет", — деп айтылат маалыматта.

Уюлдук телефондо санариптик айдоочулук жана транспорт каражатын каттоо күбөлүгү кадимки документтей көрүнүп, QR-код жана бир жолу колдонулуучу сыр сөз камтылат.

ЖКККББ кызматкерлери планшеттер жана атайын программалык камсыздоолор аркылуу текшерүү жүргүзөт.

Процесс жогорку коопсуздукка ээ жана үчүнчү жактардын алдамчылык аракеттерин алдын алат. Бир жолу колдонуучу сыр сөз автоматтык түрдө жаңыртылып берилип турат (жарактуулук мөөнөтү 3 мүнөттөн ашпайт).

Учурда "Санариптик документтер" кызматында үч документ сунушталган:

  • идентификациялык карта;
  • айдоочулук күбөлүк;
  • транспорт каражатын каттоо күбөлүгү.

Бул кызматты пайдалануу үчүн төмөнкүлөр керектелет:

  • Калкты тейлөө борборунан электрондук санарип кол тамганы алуу;
  • App Store же Play Market интернет дүкөнүнөн "Tunduk" тиркемесин жүктөп алуу;
  • электрондук санариптик кол тамга аркылуу мобилдик тиркемеден авторизациядан өтүү;
  • тиркемеде "Санариптик документтер" бөлүмүнө өтүү;
  • документти тандоо жана бөлүшүү;
  • ИЖНди (ПИН) жана телефондун экранында пайда боло турган кыска кодду айтуу.


sputnik