Сурактан чыккан Сулайманов: саясий оюндар байкалат

16 сентября 2021 Сурактан чыккан Сулайманов: саясий оюндар байкалат

Жогорку Кеңештин депутаты Алтынбек Сулайманов ИИМдин Тергөө кызматына сурак берип чыккан соң журналисттердин суроолоруна жооп берди.

Анын айтымында, суракка маданият ишмерлеринин президентке кайрылуусу делген билдирүүгө байланыштуу чакыртышкан.

“Ошол кайрылуунун негизинде суракка чакырышыптыр. Айтылып жаткан Туйгуналы Абдраимов, Курсан Асанов менен жүз көрүшүп дагы, телефондон дагы сүйлөшкөн эмесмин. Эмнеге чакырышканын өзүм дагы түшүнгөн жокмун. Байкашыма караганда, кандайдыр бир оюндар бар окшойт”, — деди Сулайманов.

Ошондой эле депутат бул “шайлоо алдында чоң командаларды алсыратуу түшүнүгү болушу мүмкүн” деп божомолдоду.

Эске салсак, бүгүн депутаттар Жанар Акаев менен Алтынбек Сулайманов ИИМге суракка чакырылган. Буга чейин аталган саясатчылар бир партияга биригип, алдыдагы парламенттик шайлоого катышуу боюнча сүйлөшүп жатканын айтышкан.



sputnik